Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жылан

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жылан

Жыландын буту болбойт, денеси ийилчээк. Ал бирде аркандай ийрилип, бирде денесин кескин чоюп, ийрелеңдеп сойлоп жөнөйт. "Жылан" боорундагы кабырчыктарын жерге төшөп жылат, ал кабырчыктарын ич жагынан кабыргаларынын учтары башкарып, тиешелүү жакка багыттап турат. Кабырчыктарына таяныч болбосо жылан ордунан жыла албайт. Ошондуктан жылмакай айнектин бетинен жылууга анын дарманы жетпейт. Бирок жылан даракка жеңил-желпи сойлоп чыгат, мында алардын күчтүү булчуң эттери жардамга келет. Жыландар сууда да жакшы сүзөт. Анаконда деген зор жылан же биздеги сары жыландар сууда жүргөндү жакшы көрүшөт. Тиричилигин бүт бойдон сууда өткөрүүчү деңиз жыландары да бар. Жыландар жумуртка таштап, андан кичинекей жыландар жаралат.

Анын тиктешинен бардык жан-жаныбарлар селейип, арбалып калат имиш деген уламыштар көп айтылат. Жылан көзүн ирмебей тиктейт, анын көз капкакчалары жок, көзү тунук жука кабык менен гана капталган. Жылан мезгил-мезгили менен түлөп, эски кабырчыгын шыпырып таштайт, ал тургай көзүндөгү тептегерек тунук көз айнеги да түлөп түшөт. Мына ушул жарым-жартылай тунук кабырчыкты анын териси деп чаташтырууга болбойт. Териси калат, кабырчык түшкөн соң, ал лактагандай жалтылдап калат. Жаңы түлөгөн кезде жылан өтө кооз. Жыландын ышкырганы - ачууланганы эмес, жөн гана мен мындамын деп эскерткени. Өтө уулуу калдыркандуу (шылдырак) жыландын куйругунун учунда мүйүздүү шылдырагы болот.

Ал чоң жаныбарларды көрүп калса, куйругун тикелентип, анысын шылдыратат. Бул жыландын сени байкагандыгын билдиргени. Кырсыкка кабылгың келбесе ага жакындаба. "Жылан" эч качан адамга кол салбайт. Алар көбүнчө байкабай басып алганды же уясына кол салганды гана чагат. Жыландын уусу жырткычтардын азуулары же тырмактары сыяктуу эле аңчылык кылуучу жана коргонуучу куралы болуп эсептелет. Ал жыландын эки ууртундагы өзгөчө бездерден иштелип чыгат. Андан бездердин түтүкчөлөрү аркылуу тиштерге жетет.

Жылан тиштебейт, алар чындыгында чокушат. Ошол чокуган кезде тиштери жаралаган жерге уусун бүркүп жиберет. Жыландын тилин ийнеси деп кээде туура эмес ойлошот. Ошондой эле тилин дайыма жалаңдаткандыгы да кан ичкичтигин көрсөтпөйт. "Жылан" тили менен абадагы майда молекулаларды кармап, айлана-тегерегин сыйпалап билет. Жыландын тили - сезүү органы. Шылдырак жыландын көздөрүнүн астында градустун миңден бир үлүшүндөй айырмачылыкты ажырата алууга жөндөмдүү эки чуңкуру менен ал тирүү жандыктардын денесинин жылуулугун сезет. Ошондуктан бул жылан көзгө сайса көрүнгүс караңгыда да аңчылык кылууга жарайт. Илимпоздор ушул органдын сырын ачып, ошого окшош приборду жасоого аракет кылып жатышат.

Уулуу жыландардан башка толуп жаткан уусуз жыландар да бар. Жыландар пайдалуу, бирок көп учурда адамдар жыланды ылгабастан кыра беришет. Майдаларын уусу бар деп жок кылышса, чоңдорун пайда табуу үчүн кырышат, алардын терисинен татынакай кур жасалат, уусунан баалуу дары-дармектер даярдалат. Уусун алуу үчүн жыландар азыр питомниктерде өстүрүлөт. Жыландын уусун аларда аны айнек стакандын кырын тиштөөгө мажбурлашат. Көп жыландар ууну бир нече ай бою берет. Жыландын дагы бир пайдасы бар. Алар толуп жаткан кемирүүчү зыянкечтерди жок кылышат.

Уулуу жыландардын чаккан уусун таркатуу үчүн атайын суюктук чыгарылган. "Жылан деген эмне", "жылан жонундо маалымат", "жылан жонундо тушунук" дагы жетишсиз болсо "жылан" аттуу жыйнагыбызды карап көргүлө.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4741, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо