Зулпукаров Капар

Зулпукаров Капар - (17.5. 1947-ж. туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Терек-Суу айылы) тилчи, филология илимдеринин доктору (1996), профессор (2001). Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1967). Мектеп мугалими (1967-68), ФПИнин Оштогу кечки факультетинде окутуучу (1969), ФПИнин орус тили кафедрасында окутуучу (1969-87), ОшМУда кафедра башчысы, декан, доцент (1987-94), ОшТУнун доценти (1994), 1997-жылдан ОшТУнун Өзгөндөгү Технология институтунун директору. Ал жалпы тил илими, орус жана типологиялык тил илими, тилди окутуунун методикасы, кыргыз тили, логика жана педагогика боюнча окуу китептеринин автору. Эмгектери: Падежная грамматика: теория и прагматика. Санкт-Петербург, 1994, Проблемы учебной фонологии. Ош, 2000, Введение в русскую казусологию. Б., 2001.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)