Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жомок уламыштар

Коён (уламыш)

Жараткан бардык жан-жаныбарлардын мүчөлөрүн жасап, өз ылайыгы боюнча кураштырып берип жаткан кезде, коён коркуп, айбыгып, жаратканга мурда баралбай, аркада калыптыр.

Кыл кыяк уламышы

Кыл кыяк уламышы — илгери бир жигит жана анын күлүк аты болгон экен. Кандай гана ат чабыш болбосун, алдына жалкы салдырбаган чабандес жана анын аты имиш. Күндөрдүн биринде, байгелүү ат чабыш уюшулуп, жигит «жакшы болду байге меники болоор» деп байгелүү чабышка катышууга камын көрүп даярдана баштайт.

Ат адамдын канаты

Атам замандан бери эле, жылкы баласы адамдын эң ишеничтүү жан-жолдошу катары болуп келген. Эчен деген акындар жылкы жөнүндө ыр жазган, жылкы жөнүндө сонун-сонун сүрөттөр тартылып, көркөм, келбети келишкен, ыргыштаган аттар жөнүндө китептер жазылган.

Курман айт

"Курман айт" орозо айтынан 70 күн өткөндө болот. Молдолордун айтканына караганда: "Илгери-илгери Ибрахим деген пайгамбар болгон имиш. Аны кудай жакшы көрөт имиш.

Уй

Жараткан бардык жан-жаныбарлардын мүчөлөрүн жасап берип жөнөтүп жатыптыр. "Уй" дагы бардык мүчөлөрүн алып, эми бөйрөгүнө келгенде, бир сайгак келип сайылган экен.

Жер титироо

"Жер титироо" - Жараткандын буйругу менен жерди аалам көк өгүзү мүйүзүнө көтөрүп турат экен. Көк өгүз чаалыгып мүйүзү талыганда, бир мүйүзүнөн дагы бир мүйүзүнө сала коюп көтөрөрдө жер титирейт имиш.

Булут, топон суу жана кар жөнүндө

...Булут көктө кичи перинин кайтаруусунда болот имиш. Кичи пери колуна камчы алып, булуттарды туш-тушка кубалаганда жаан жаайт имиш. Перинин каарланып ачуулуу кыйкырышынан күн күркүрөйт дейт.

Үркөр

Качандыр бир убакта "Үркөр" менен Жетиген жерде жашаган адамдардан экен. Күндөрдүн биринде Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулууну Жетиген (Жети каракчы) ала качып, асманга чыгып кетишет... Үркөр артынан кубалап, кошо чыккан экен. Ошол Үлпүлдөктү ала качкан жети каракчы (Жетиген) ошол мезгилден бери алтын казыкты айланып качып, ал эми Үркөр аларды кубалап кармай албай жүргөнү жүргөн болуп калыптыр.

Жердин каймакташы жана ай жөнүндө

Жер алгачында кичинекей көлкүлдөк зат болуп жаралыптыр. Ал улам каймактаган сайын чоңоюп, жумурткадай, тайдын туягындай, андан ары чоңоё берген экен. Жердин уюшу, каймактап чоңоюушу менен жер жаралып, ааламдын бир алкагында туруп калыптыр.

Уку

Он сегиз миң ааламды сураган Ыйса пайгамбар: «Бул жакырчылыкта өлүк көппү, же тирик көппү?» - деген жардык коёт. Буга эч бир канаттуу жооп бере албаптыр. Байылуу бул жардыкка келбей калыптыр. - «Ошол билет эле» - дешет.

Сайтка жарнама жайгаштыруу