Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карлуг жабгулугу

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Карлуг жабгулугу

Карлук жабгулугу же карлук кагандыгы — 766-940-жылдардагы карлуктардын кагандыгы (хандыгы) — Түргөш кагандыгынын ордунда пайда болгон Түрк урууларынын бирикмеси — карлуктардын мамлекети.

«Карлук бодун» (карлук эли) же «уч карлук» (карлуктардын уч уруусу) деген атты Моңгол Алтайынан Балхаш көлүнө чейинки, Тарбагатай кырка тоолорунан түштүккө жана түндүккө карай аймакты ээлеп жаткан көчмөн уруулардын күчтүү биримдигине таркатышкан. Карлук бирикмесинин курамына булак, чигил (же себек), жана ташлык деген үч ири уруу кирген. Уруулардын карлук биримдигинин тарыхынын баштапкы мезгилинде эле алардын аймактык жана саясий бытырандылыгы белгиленген.

Карлуктардын бир бөлүгү VI кылымдын экинчи жарымында же VII кылымдын башталышында Тохарстандын (Тажикстандын, Өзбекстандын түштүк бөлүгү жана Афганстандын түндүк бөлүгү) аймагынын бир бөлүгүн ээлеген. Алардын башчысы «жабгу» деп аталып, Батыш Түрк, андан кийин Түргөш кагандарына көз каранды болгон.

Тохарстандык карлуктар араб баскынчылары менен күрөштө көрүнүктүү ролду ойношкон. Карлуктардын дагы бир бөлүгү моңгол талааларын мекендешкен. Тарбагатайлык карлуктардын күчтүү армиясы болгон. Чыгыш жана Батыш Түрк кагандыктарынын чек арасындагы аймакты ээлеп, кээде бирине, кээде экинчисине баш ийип турган. VIII кылымдын биринчи чейрегинде алар үч жолу Чыгыш Түрк кагандыгына каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Карлуктар экинчи Түрк жана Түргөш кагандыктарынын кулашына алып келген саясий окуяларда башкы ролдордун бирин ойношкон. 744-жылы басмыл, уйгур жана карлук урууларынын бириккен күчтөрү экинчи Түрк кагандыгын кыйратышат. Натыйжада Уйгур кагандыгы (744—840-жылдар) түзүлүп, анын башчысы Элетмиш Билге каган (744—759-жылдар) деген наамды (титулду) алат. «Уйгур» аталышы байыркы түрк тилинде «уюшкан», «уюткулуу», дегенди түшүндүрөт. Бул бирикмеге 19 уруу баш кошуп, башында Яглахар уруусу турган.

Уйгурлардын бийлиги Алтайдан Манжурияга чейин тараган. Карлук жабгулугу (кагандыгы) өзүнүн баштагы союздаштарына көз каранды болуп калат. Мунун өзү бир катар кагылышууларга алып келип, кысымга алынган карлуктар 746-жылы Жетисууга көчүп кетишет. Мында саясий кырдаал абдан татаал болучу. Түргөш кагандыгындагы токтолбогон кармашуудан улам андагы бийлик жүргүзүлбөй калат.

Муну Чыгыш Түркстандын Тань династиясынын жергиликтүү башкаруучулары (орусча наместник) өз таламдары үчүн пайдаланышкан. 748-жылы Кытай армиясы Чүй өрөөнүнө басып кирип, Суяб шаарын ээлеп, аны кыйратат. Кийинки жылы кытайлар Чач (Ташкент) акимин туткунга түшүрүп, аны асып ташташат. Кытайларга карлуктар жардам берген. Жагдайды байкаган арабдар Тань империясынын Орто Азиянын иштерине одоно кийлигишүүсүнө жол беришпей, Зияд ибн Салих башчылык кылган аскерлер кытайларга каршы бет алышат. Бул кабарды уккандан кийин Кытай колбашчысы Гао Санчжи жүз миң аскери менен арабдардын жолун тосуп Суябдан чыгат. Эки армия 751-жылы июлда Талас өрөөнүндөгү Атлах шаарында (азыркы Манас районунун Покровка айылынын түндүгүрөөк жагындагы урандылар) беттешишкен. Бет келишкен эки армия дарыядан өтүүгө батынбай, төрт күн тирешип турушкан.

Бешинчи күнү карлуктардын атчандары чыккынчылык кылып кытай армиясынын арт жагынан сокку урат. Ошондо арабдар алардын бет мандайынан чабуулга өтөт. Эки жактан тең кысымга алынган Кытай аскерлери туруштук бере албай, Талас дарыясынын тар капчыгайын көздөй баш калкалап качышат. Орто кылымдардагы тарыхчы Ибн-ал-Асирдин маалыматтарына караганда Атлахтагы салгылашууда кытайлыктардын 50 миң адамы набыт болуп, туткунга 20 миңдейи түшкөн. Түрктөр үчүн бул жеңиштин мааниси чоң болгон. Анткени, ушул жеңилүүдөн кийин Кытай аскерлери болжол менен миң жылча Орто Азиянын чек араларына жологон эмес. Мунун өзү аймакта мусулман маданиятынын өнүгүшүн камсыздаган.

Ошентип, карлуктар кытай аскерлерин кыйратууда маанилүү ролду ойноп, Жетисууда өзүлөрүнүн абалын бекемдешкен. 751-жылы уйгурларга каршы курамына карлуктардан тышкары, түрктөр, кыргыздар жана чик уруулары кирген коалиция түзүлгөн. Өнөктөштөр чечкиндүү аракет кылышкан эмес. Айрымдары уйгурлар тарапка өтүп, максаты жөнүндө билдиришкенде, Элетмиш Билге каган өнөктөштөрдү жалгыздап талкалаган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4177, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-26, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу