Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Башкалар

Чаткал өрөөнү

Чаткал өрөөнү — Түштүк-Батыш Тянь-Шандын эң батыш тарабын ээлейт. Чаткал жана Пскем кырка тоолорунун арасындагы Түндүк-Чыгыштан, Түштүк-Батышты карай 200 чакырымга созулган тоо аралык өрөөн. Өрөөндүн таманынын абсолюттук бийиктиги 900 метрден 2500 метрге чейин көтөрүлөт. Эң кеңири жеринде туурасы 20 чакырымга жетет. Ал эми эң бийик жери деңиз деңгээлинен 4503 метр (Чаткал чокусу).

Жегичтер

Жегичтер (орусча щёлочь) — Менделеевдин мезгилдик системасынын I, II тобундагы жегич жана жегич жер металлдарынын суу кычкылдары (химиялык элементтер).

Аммиак

Аммиак — мүнөздүү кескин жыты бар түссүз газ; азот менен суутектин эң жөнөкөй химиялык бирикмеси.

Апостроф

Апостроф (байыркы грек ἀπόστροφος сөзүнөн, французча apostrophe — «артты караган») — тамга деп саналбаган сап үстүндө турган үтүр, штрих же башка каалаган жазуу түрүндөгү орфографиялык белги. Түрдүү тилдерде ар кандай мааниде тамга жазууларында колдонулат.

Ислам

Ислам (арабча الإسلام – «баш ийүүчүлүк», «момундук», «[Бир] Кудайга өзүн тапшыруу») – жактоочуларынын саны боюнча христианчылыктан кийинки жана эң жаш дүйнөлүк, ошондой эле, монотеисттик (бир гана кудайга сыйынуучулук) авраамикалык дин.

Blackpink

Blackpink (корейче: 블랙핑크; ошондой эле BLACKPINK, BLΛƆKPIИK же Black Pink катары стилдештирилет, кыргызча жазылыштары — блэкпинк) — 2016-жылы YG Entertainment тарабынан түзүлгөн түштүк кореялык кыздар тобу. Топтун жамааты төрт катышуучудан турат: Жису, Дженни, Розэ жана Лиса. Дебюту 2016-жылдын 8-августунда Square One аттуу сингл альбому менен болгон.

Интернационализм

Интернационализм (латын тилинен inter — «арасы же аралык» жана natio — «эл») — элдер ортосундагы достукту жана кызматташтыкты үгүттөгөн идеология.

Сингармонизм

Сингармонизм (грек тилинен συν-[sin] — «менен, бирге» жана ἁρμονία [harmonia] — «үндөштүк, шайкештик, окшоштук», кыргызча — үндүүлөрдүн үндөшүүсү) — бир сөздүн ичиндеги үндүү тыбыштардын (кээде үнсүз тыбыштардын) бир же бир нече катар, жогорулоо (ачыктык) же тереңдетилген сыяктуу фонетикалык белгилери боюнча окшоштуктардан турган морфология-фонетикалык көрүнүш.

Күнгөй Ала-Тоо

Күнгөй Ала-Тоо — Географиялык жактан Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун түндүк тарабында жайгашкан тоо кыркалары. Иле Ала-Тоо (орусчасы Заилийский Ала-Тоо) менен катар Түндүк Тянь-Шанды түзөт.

Тескей Ала-Тоо

Тескей Ала-Тоо — түштүктөн Ысык-Көл ойдуңун камтыган, Кыргызстандын жана жарым-жартылай Казакстандын аймагындагы тоо кыркалары. Географиялык жактан Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун түндүгүндө.

Сайтка жарнама жайгаштыруу