Биографиялар

Подписаться на эту рубрику по RSS

Осмонкул Бөлөбалаев (1888-1967)

Акжаандай төгүп ырдаган Осмонкул ырчы азыркы Ысыката районундагы Чоңдалы айылында туулган. Атасы уулун молдого окутууга берген. Осмонкул бул окууга анча көңүлдөнбөйт, ошентсе да кат таанып калат. Ал ошол кезде араб тамгасында казакча, татарча чыккан ыр китептерди көп окуган. Бул анын ырчылык шыгына таасир эткен.

Осмонкул он алты, он жети жашында эле кыз оюндарда, жаштар алдында ырдай коюп жүрөт. Бирок эл алдында чыгып ырдоого мүмкүндүк болгон эмес. Буга анын агасыКененирээк...

Осмонов Алыкул (1915-1950)

Осмонов Алыкул (1915-1950)Кайрылып арт жагыңды караганча,

Канча деп жыл эсебин санаганча,

Жарк этет көз алдыңда жаңы өспүрүм

Окшогон тунук мөмө, бышкан алча...

Кээ бирин колума алып көтөрөмүн,

Көтөрсөм көтөрүлгөн көктөп көңүлүм.

Келишкен кең далылуу улан болгон

Кечээги кетик тиштүү жаш бөбөгүм... -

деп, акын агайыңар Алыкул Осмонов азыркы жеткинчектердин турмушуна жетине албай кубанган. Ал эми акындын өзүнүн балалыгы кунарсыз өткөн. Ошондуктан АлыкулКененирээк...

Насирдин Исанов

Насирдин ИсановНасирдин Исанов Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында 1943-жылдын 7-ноябрында туулган. Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри, СССР инженерия академиясынын академиги.



Эмгек жолу:

1960-жыл - Москва шаарындагы Мосжилстрой трестинде жумушчу.

1961-жыл - Москва инженердик-куруу институтуна окууга өткөн.

1966-жыл - Москва инженердик-куруу институтун аяктап, андан соң Кыргыз ССРининКененирээк...

Орозбеков Абдыкадыр (1889-1938)

Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө бүт өмүрүн арнаган Абдыкадыр Орозбеков азыркы Ош облусундагы Охна кыштагында туулган. Ал төрт жашында атасынан жетим калып, тогуз жашынан көрүнгөндүн үйүндө малай жүрөт. Катаал замандан жабыр тарткан жаш бала Кокон, Фергана шаарларына келип, байлар менен соодагерлердин эшигинде наабайчыларга жалданып иштейт.

Адегенде үйрөнчүк катары баштап, кийин өз алдынча наабайчы (нан бышыргыч)Кененирээк...

Мыскал Өмүрканова (1915-1976)

Мыскал Өмүрканова (1915-1976)Абалтан ар бир эл өзүнүн ой-тилегин, үмүтүн, муң-зарын, тунук махабатын, кубанычын, кусалыгын, эрдигин, элге, жерге, ата-энеге болгон сүйүүсүн, бактылуу заман үчүн күрөшүн терең мазмундагы ырларында баяндап жана даңазалап келген. Ар бир элдин, ар бир мезгилдин өзүнчө ыры бар дегендей аткаруучусу да бар.

Алардын бири кыргыз элине кеңири белгилүү ырчы - Мыскал Өмүрканова. Ал чыгармачылыгын айыл арасында эл ырларын аткарууКененирээк...