TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жеңиш

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2017-05-03 07:49:11 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2017-05-03 06:27:36

Макаланын тарыхына кайтуу

Жеңиш, Жеңиш!
Жер дүңгүрөп чыгат үн.
Жеңиш, Жеңиш!
Төрт жыл бою күткөн күн.
Акыйкаттын туусу шаңга бөлөнүп,
Фашизмдин ичер суусу бүткөн күн.

Жеңиш, Жеңиш!
Эл кубанды ыйлаган,
Жер кубанды шаарлары кыйраган,
Күн да көктөп мээрим төгүп сыйлаган.

Мылтык үнү – салюту эле жоокердин,
Мылтык үнү – салюту эле жеңгендин.
Мылтык үнү тынчтык күнгө чакырган,
Көптөн күткөн тилеги эле элдердин.
(Т. Байзаков)