Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

8-март аялдардын эл аралык майрамы

Баш барак | Күндөр | 8-март аялдардын эл аралык майрамы

8-март аялдардын эл аралык майрамы, башкача айтканда эл аралык аялдар күнү - аялзатынын саясат, экономика, социалдык чөйрө тармактарында жетишкендиги белгиленип, планетадагы аялдардын мурункусу, азыркысы, келечеги майрамдалат.

Дароо айтып коелу 8-март, эне жонундо ырлар, кошумча материалдар макаланын аягында берилет.

8-март эл аралык аялдар күнү

Азыркы учурда Аялдар күнүн майрамдоо теңчиликти даңазалоо максатын көксөбөй, жаз күнүн, аялзатына таандык сулуулукту, назиктикти, руханий даанышмандыкты, аялзатынын макамына жана жаш курагына карабастан көңүл бөлүүнү майрамдоо катары белгиленип келет. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан белгиленет, айрым мамлекеттерде - Россияда, Азербайджанда, Арменияда, Беларусияда, Түркмөнстанда, Украинада жана ошондой эле Кыргызстанда расмий майрам болуп саналат.

Кызыгы, Эл аралык аялдар күнүн белгилөө идеясы алгачкы жолу өндүрүш тармагы өнүккөн дүйнө жүзү өз башынан экспансияны, демографиянын күч алуусун, радикалдык идеологиялардын жаралуусун кечирип жаткан 20-кылымдын башында пайда болгон.

1910-жылы Копенгагенде жумушчу аялдардын 2- Эл аралык конференциясы (second international Conference of Working Women) болгон. Германиянын социал- демократиялык партиясынын аялдар тайпасынын лидери Клара Цеткин (Clara Zetkin) Эл аралык аялдардын күнүн белгилөө идеясын көтөрүп чыгып, Аялдар күнүн ар бир мамлекетте жыл сайын, бир күндө белгилөөнү сунуштаган. Майрамдын максаты катары Цеткин аялдардын өз укугу үчүн күрөшүүнү айткан.

8-март аялдардын эл аралык майрамы

Тарыхта алгачкы жолу Нью-Йорк шаарынын текстиль өнөр жайында иштеген аялдары тарабынан 1857-жылдын март айында болуп өткөн Бош мискейлердин маршы Эл аралык аялдар күнүн белгилөөнүн башаты болгон деген божомолдор бар.

Бул майрам "Эл аралык аялдар күнү" расмий макамын БУУ нун чечими менен 1975-жылы алган, ошол мезгилден тартып, БУУ тарабынан Эл аралык аялдардын өз укугу үчүн күрөшүү күнү катары белгиленет жана жыл сайын ар башка темага арналат.

Бул күнү улуттук чек ара же этникалык, тил, маданият, экономика, саясат жактан бөлүнгөн бардык континенттердеги аялдар бирге чогулушуп, өзүнө теңчилик, адилеттүүлүк, тынччылык жана өнүгүү үчүн күрөшүүнүн бир канча ондогон жылдарын камтыган салтты эстөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Байыркы Грецияда Лисистрата согушту токтотуу максатында эркектерге каршы сексуалдык иш таштоо уюштурган; Франциядагы төңкөрүш мезгилинде эркиндикти, теңчиликти, биримдикти талап кылып жаткан париждик аялдар өз укугун талап кылуу максатында Версаль шаарына марш уюштурушкан.

Эл аралык аялдар күнү - бул тарыхты жараткан бардык аялдардын майрамы. Аялзатынын көптөгөн тармактарда алгачкы болуусу таң калычтуу деле эмес - айрым фактыларды келтирели. 1906-жылдын январь айында Санкт-Петербург шаарында Россияда алгачкы жолу кыз-келиндер үчүн техникалык окуу жайы ачылган; 1909-жылдын январь айында Нью-Йорк шаарында дүйнө жүзүндө алгачкы жолу кыз-келиндер арасында унаа жарышы башталган; 1989-жылдын апрель айында кыз-келиндердин Вивальди-оркестри жаңырган.

Ошентсе дагы, заманбап коомдо биринчи кезекте Эл аралык аялдар күнү - бул жаз майрамы, аялзатына өзгөчө көңүл бурулуучу майрам, эркектер сүйүктүү жана жакын аялзатына белек тартуулап, кам көрүп кубанта алышат.

Майрамдын жаралуу тарыхынан

Эгер тарыхка бир аз көз чаптырсак, башында айтылгандай эле жумушчу аялдардын каардуу эркектердин дүйнөсүндө укукка ээ болууга умтулгандыгынан келип чыккандыгын көрө алабыз. Адегенде 8-март үй-бүлөөлүк жана достук отуруштарга жана белек беришүү үчүн болгон эмес. Бул күнү жумушчу аялдар митингге чыгышып, өзүлөрүнүн маселелери жана керектөөлөрү жөнүндө ачык айтышат деп божомолдонгон.

Бир божомол боюнча, аялдардын кыймылынын жана 8-март майрамынын башталуусуна 1857-жылы ушул күнү Нью-Йорк шаарындагы кездеме токуучу аялдардын иш таштап, шаардын көчөлөрүнө чыгып, бош мискейлерди тарсылдатып ургулап басышкан маршы түрткү берген.

Арийне, бул бош мискейлердин маршы (20-кылымда бул митингди дал ушундай атап башташкан) документалдык аныктоого ээ болгон эмес, андыктан бул бир топ кийин саясий пропаганда үчүн ойдон чыгарылган деп ойлоого негиз бар. Ошондуктан, америкалык кездеме токуучу жана тигүүчү фабрикалардын жумушчу аялдарынын биздин 8-мартка эч кандай тиешеси жок деп айтсак болчудай.

Бирок, немец коммунисткасы Клара Цеткин майрамдын жаралуусуна кол тийгизгендиги белгилүү (баса, Москвада жана башка шаарларда ушул күнгө чейин атын алып жүргөн көчөлөр бар). Цеткин 1910-жылы Копенгагенде Эл аралык аялдардын күнүн түзүүнү сунуштаган жана аялдардын Экинчи Эл аралык социалисттик конференциясынын катышуучуларына өзүнүн тезистерин тартуулаган. Клара Цеткиндин ою боюнча майрам - митинг жана жөө жүрүштөр үчүн эң сонун себеп болмок. Анын идеясы ишке ашты.

Бир нече жылдар бою аялдар күнү ар кайсы күнү белгиленген - капиталисттик мамлекттерде март жана май айларынын ар кайсы күндөрүндө белгиленген.

Россияда "8-март аялдардын эл аралык майрамы" расмий эмес түрдө Санкт-Петербург шаарында 1913-жылы белгиленген, бул батыш коммунист аялдарды, суфражистка, эмансипе аялдарды колдоо болгон.

1921-жылы күндү биротоло бекитишкен. Бирок, 1913-жылдагы флешмобго же бош мискейлердин маршына карап эмес, 1917-жылы 8-мартта(эски стиль боюнча 23-февралда) Петроград шаарынын аялдары бир канча митинг жана жөө жүрүш уюштуруп, тең укукту жана нанды талап кылган. Ушул эле күнү кездеме токуучу фабриканын жумушчулары жумушка чыгуудан баш тартышкан - натыйжада февраль төңкөрүшүнө алып келген.

Дээрлик 45 жыл 8-март, жалпы жонунан алганда, аялдар тарабынан гана таанылган. Аялдар чогулуш уюштуруп, өзүлөрүнүн жетишкендиктери жана профсоюздардын жумушу тууралуу талкуу жүргүзүшкөн. 1965-жылдын 8-мартындагы токтом менен гана өкмөттүк деңгээлде таанылып, 1966-жылы иш күн эмес деп жарыяланган.

Аялдар кошумча эс алуу алышып, митингге чыккылары келбей калган, анын ордуна бул күнү өзүлөрүнүн жакындары жана туугандары менен болууну эп көрүшкөн. Ошентип, 8-март жөн гана дагы бир отурушка айланган.

8-март аялдардын эл аралык майрамы

Кызыктуу фактылар

Сандар катышкан фактылар:

Ар өлкөлөрдө

Франция жана Германия

Францияда жана Германияда көпчүлүк европалык мамлекеттердей эле 8-мартка өзгөчө деле маани берилбейт. Бул адаттагыдай эле иш күнү, бул жерде 8-март аялдардын укугу үчүн күрөш күнү катары кабыл алынат. Энелер күнү - башка кеп. Бул күндү май айында майрамдашат.

Япония

Японияда март айынын башында кыздардын майрамын белгилешет, айдын орто ченинде Ак күн белгиленет, бул күнү эркектер аялдарга шоколад тартуу кылышат.

Италия

Италиялык аялдар 8-мартты жалаң кыз-келиндер катышкан отурушка жана башка иш-чараларга барышып, аялдар арасында майрамдашат, бирок майрам расмий болуп саналбайт, италиялыктар бул күнү иштешет.

Россия

Жогоруда саналган мамлекеттердин ичинен бир гана бул жерде (жана мурунку СССР дин курамына кирген мамлекеттерде) 8-март расмий түрдө эс алуу күнү. Элдер ресторандарда же үй-бүлөөсү менен бирге майрамдык дасторкон үстүндө майрамдашат, айымдарга белек-бечкектерин тартуулашат.

Кыргызстанда

Кыргызстанда аялдарга арналган түрдүү иш-чаралар маданий мекемелерде, окуу жайларда өткөрүлүп, массалык маалымат каражаттарында түрдүү берүүлөр жүргүзүлөт. Мырзалар апаларына, жубайларына, кыздарына, карындаштарына белектерди беришет.

Кыргыз элинен Айчүрөк, Каныкей, Кыз Сайкал, Жаныл мырза, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Бүбүсара Бейшеналиева, Курманжан Датка,Роза Отунбаева окшогон көптөгөн атактуу аялдар чыккан. Кыргыз аялдары түрдүү кесиптердин ээлери катары да өзүлөрүн мыкты көрсөтө алышкан жана көрсөтүп келет жатат.

Кыз-келиндин көңүлүнө жаз консун,
Гүлдестеге, жылуу сөзгө шарт болсун!
Улуу майрам – 8-март күнү,
Эр жигиттер 8 эсе март болсун!
(белгисиз автор)

Кортунду сөз

Ооба, аял затына мактоо сөздөрү кандай атылса да жарашат. Аларды жан киргизген күнгө, каран түндө жарыгын чачып жол көрсөткөн айга, чокусу көк тиреген бийик тоолорго, жыпар жытын чачкан кооз гүлдөргө салыштырсак ашык кеткендик болбойт. Жарык дүйнөдөгү асылдуулуктун бары аялзатында сакталып турат.

Макалдар

Жалпы аялдарды, кыз – келиндерди, жаз майрамы, 8-Март аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сулуулук менен ыймандуулук, ызаттуулук менен жароокерлик, акылмандык менен боорукерлик сиздерден ажырабай, өмүрүңүз жаздай болсун.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-02-28, Көрүүлөр: 53939, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-13, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу