Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Исаев Кусеин

Баш барак | Биографиялар | Исаев Кусеин

(1937-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - экономист, социолог, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1985). КМУну бүтүргөн (1955). 1961—62-жылы КМУнун саясий экономия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу. 1969—87-жылы Бишкек политехника институтунун илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан ошол эле кафедрада проф., Социология жана инженердик психология лабораториясынын башчысы. 1993-жылдан Тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик интунун (1994-жылдан Бишкек гуманитардык университети) социология жана саясатты таануу кафедрасынын башчысы, 1994-жылдан Башкаруу жана социология факультетинин деканы. 140тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография; Зөө авторлош) автору. илимий изилдөөлөрү кыргыз коомунун социалдых маселелерине; социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жапггардын, саясаттын социологиясына арналган. Кыргыз Республиканын социологдор коомунун төрагасы (1991), Эл аралык социологдор ассоциациясынын ынтымакташтыгынын вице президенти (1993).

«Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 606, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу