Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Манастын Алоокени жеңип кан көтөрүлгөнү

Баш барак | Адабият | Манастын Алоокени жеңип кан көтөрүлгөнү

Манас эпосундагы Манастын Коңурбайдын атасы Алоокени жеңип кан көтөрүлгөнү тууралуу.

Таң дүмпөйүп калганда,
Супа саадак салганда,
Асмандан жарык төгүлүп,
Жер шоокумдап көрүнүп,
Жетик Бакай кан абаң.
Кеткен жерден жаңылбай
Кара кырчын көп жылкы н
Кум-Арыктын бою экен.
Жаңырыктын Жар-Кыя,
Жалгыз аттын чубама,
Бойлоп эрлер жол жүрүп,
Ары таман барганда
Сайроолоп суу бөлүнүп,
Кыр кечүүсү көрүнүп,
Шыта кечүү, Таш кечүү,
Алооке кечер маш кечүү,
Изи менен суу кечип
Кум-Арыктан өттү эми.
Түгөнгөн тоонун тумшукка,
Салып Бакай барганы,
Кайгуулдан чалгын чалганы,
Берен Бакай абакең,
Кароолго чыгып калганы.
Кароолду чындап караса,
Бөйрөк, Ак-Чий боюнда,
Акчык деген ары тоо
Куюлуп түшкөн оюнда,
Чоң, Ак-Чийдин боюнда,
Тигилген экен доңуздун
Алты боолуу чатыры
Конуп өрүүн болуптур,
Кан Алооке баатыры.

Оргуп түтүн бөлүнөт,
Алоокенин сан кошун
Конуп жаткан көрүнөт.
Чыканактап уйку алып,
Чыңыроон тартып тынч алып,
Канкор Манас эренден
Кутулдук деп ой кылып,
Тыргоот, манжу дөөлөрү
Кыйшалактап кылт этпей,
Кууп душман келет деп,
Камырабай, былк этпей,
Жаткан экен Алооке,
Сандаган алтын, күмүштү
Олжо кылып буруттан
Арткан экен Алооке.
Алоокени коргондо
Бакайдын көөнү бөлүнөт,
Оң сегиз миң ааламдын
Балбандары каптаса,
Баатыр Манас болбосо
Алалгыс түрү көрүнөт.
Таш сайынган кытайдын
Далайлары мында экен,
Кармашканды кайсачу
Балбандары мында экен.
Мандайында жүнү жок,
Кашкалары мында экен.
Кан Алооке капырың,
Кайраты толук баатырың,
Ак үйлүүгө келерде

Кырк кандын эли кытайды
Бүткүл жыйып алыптыр,
Чубатууга салыптыр
Каары толук башкача
Балбандан тандап алыптыр.
Көктөн чалбар кийишкен,
Каяшаяк бергендин
Как куйкасын тилишкен
Кан ичмеден алыптыр,
Жаткан иттей кашы бар,
Жалаңкычтан алыптыр.
Качырганды ушулар,
Карышкырдай тийчүүдөй,
Каардуу Манас болбосо,
Кармалашкан адамды
Тытып-тытып ийгидей.
Көк жал Манас болбосо
Четине адам барабы,
Ченебеген журт экен
Челишкен аман калабы.
Эр Алооке баатырың
Чатырга жатып калыптыр,
Чоюнбаш алган балбандар
Тегеректеп алыптыр.
Качыр, керик мингени
Айбалта алып колуна
Ары-бери жүрүп жүр,
Чоң өгүздөй дангыттар,
Чагарактап үрүп жүр.

Ар борумун байкаса,
Ашкан экен абыдан
Алоокенин салтанат,
Аң таң калып эр Бакай
Катылышсак кокустан
Түмөндөп колу аттанат,
Кутулбас жаман ооруга
Эми куу жан капталат.
Көрүп туруп Бакайдын
Көңүлү кетип бөлүнүп.
Ай караңгы бүркөлсө,
Түн эмне болор деп,
Кабылан тууган эр эле
Манасты кудай сактай көр
Катылышса капырга,
Күн эмне болор деп.
Айтып оозун жыйгыча,
Андай-мындай дегиче,
Канкор Манас алдында
Айчыгы алтын туу алып,
Ээрчиткени кырк чоро
Манас чыкты чунайып,
Акылы айран бөлүнүп,
Айкөл тууган канкорун
Абакеси Бакайга
Келе жатат көрүнүп,
Кырк чоронун баарысы,
Кыргыл баштап карысы.

Бура тартып караса,
Буудан Манас арстандын
Мурда түрүн көрө элек.
Кара чаар кабылан,
Качырчудай октолуп,
Алдына түшүп алыптыр.
Чолок Көк жал арстан,
Канкоруңдун жолдошу
Эки жагын каранып,
Эрди-мурдун жаланып,
Азыр алып салчудай,
Арстан эрдин жөкөрү
Артынан сүрөөн салыптыр.
Чилтендин бирөө сур жолборс,
Канкор эрдин жөкөрү
Катуу коштоп калыптыр.
Алп кара куш зымырык,
Азыр алып кетчүдөй,
Асмандан бутун салыптыр.
Кылкылдатып найзасын,
Кырып ийчүү эмедей,
Кыр-кырынан сууруптур,
Жылаңач Кызыр олуя,
Жолго салып туруптур.
Колдогону бир тогуз
Колдоп алган кези экен,
Үй айлана бергиче,
Үйдөй кызыл тал бүтүп,
Үлкөн кудай жар бүтүп,
Шай ата, Кызыр экөөлөп,
Онжондотуп Кула атын

Оң эки чоро жетелеп,
Кыр-кырына караса
Кымбат Манас караңдын
Кыйындык түрү көрүнөт.
Астындагы Аккула
Алда берген мал экен,
Үстүндөгү Манас кан
Ушунчалык ааламды
Күтүп алчу жан экен.
Белгиси ачык көрүнөт,
Берендей болуп ким жүргөн,
Бекер эле коркуп жатырмын,
Беттешкенин бул Манас
Салат экен чоң дүрбөн.
Деп, ошентип, эр Бакай
Манасты көрүп кубанып,
Баатыр шерге муну айтып:
Жортсоң жолун болуптур,
Жогун жолго конуптур,
Кызыр чалган кырааным,
Кырылышар чак келди,
Өткөрө тууган туйгунум,
Өлүшө турган тап келди.
Келберсиген канкорум,
Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби?
Тим жаралбас туйгунум,
Тилегин кудай бериптир,
Тиктеген жоон Алооке
Бет алдына келиптир.

Калыңга кирсең чаң мына,
Кырылышсаң кытай ал мына!
Алооке кан эр экен,
Жыйып алган аскери
Кумурскадан көп экен.
Бакай айтып турганда,
Кыргыл башчы карысы,
Кыйкырып колду салууга
Кырчылдады ошондо
Кырк чоронун баарысы.
Манаска айтып тургуча,
Акылдарын кылгыча,
Кош Алайдын жонунан
Кароолу качып кетиптир,
Кан Алооке баатырга,
Кайраты толук капырга,
Кабарды катуу бериптир.
Ашып-шашып антандап,
Сакчыларын тебелеп,
Балбандардын баарысын,
Камынгыла — деп жемелеп,
Алтын түркүк чатырга
Кабар берди кароолдор,
Алоокедей баатырга.
Эр Алооке баатыр кан,
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен билгенди, билдиңби?
Уктаса, уйку канбайбы,
Жатканда жамбаш талбайбы,
Чоң Бээжинге кат учур,
Кат учурсаң бат учур.

Калың казган ор келди,
Кайнатылуу шор келди,
Күндүн батар жагынан
Оргуп-оргуп чаң Чыкты,
Чаңга чыдап тура албай
Ойлосоң, менден жан чыкты.
Көк сүлөөсүн бөрк кийген,
Көк тулпар сындуу ат минген
Кайгуулга чыгып калыптыр,
Сырың менен чыныңды
Сынап көрүп алыптыр.
Анысы көрүп турганда
Ок өтпөгөн тон кийген,
Ок жетпеген ат минген,
Белестен чыкты кырк бир жан
Кыялын карап отурсам,
Кызыталак канкор өзү экен.
Сары изиңе чөп салып
Саргара кууган кези экен,
Оң жагына качсаңыз
Эр кырылар чөл экен.
Сол жагына качсаңыз
Кайып качар жолу жок,
Камалып өлөр бел келет.
Кабарчы мындай деген соң,
Кан Алооке баатыры
Жанында Кутка канына
Кабар кылды Алооке,
Балбандардын баарына.

Миң аскерди чакырган
Алоокенин белгиси
Бил териси добулбас,
Жоондугу төрт кулач,
Үнүн уксаң ыраак кач.
Шашканда чабат балбаны,
Анча-мынча кулактын
Жөн эле чыгат далдалы.
Добулбас бекем кагылды,
Керик коштоп жүк арткан
Төө-төөсүнө жабылды.
Эр Алооке баатырга
Шашкалаң катуу көрүндү,
Кайнап жаткан жан казан
Коломтого төгүлдү,
Калдайлар атка камынды,
Тыргоот, манжу чуу түшүп
Ат-атына жабылды.
Алоокенин жанында
Башчы улугу Тагылык,
Кара жолтой капырдын
Кайнап жаткан көп улук.
Керней-сурнай тартылып,
Керикке алтын артылып,
Ашып-шашып антаңдап,
Жамандардын баарысы
Минген атын таба албай

Бөлөк атка жабышып,
Жаңжал жаман артылып,
Өз атын таап мингин деп,
Бирөөнүн атын мингендер
Тоголото тартышып.
Найза колдо короктоп,
Арбып-дарбып сороктоп,
Артына албай алтынын
Кээ бирөөсүн экөөлөп,
Кээ бирөөсү келжиреп,
Алтын калып калды деп,
Бойдок атын жетелеп.
Айласын таппай шашышып,
Аркы-терки качышып,
Кирерине көр таппай,
Качарына жер таппай,
Катуу бүлүк, чоң жаңжал,
Болуп эми кетти эми.
Мандайдан чыкты бакырык,
Кыядан чыкты кырк бир жан
Манастап ураан чакырып.
Айгай кулак тундуруп,
Ак асаба туу болуп,
Алоокенин казаты
Айгайлаган чуу болуп,
Ач айкырык, куу сүрөөн,
Көк тулпар менен зыргытып,
Көк ала желек туу алып,
Көк жал Бакай абакең
Как алдыда көрүнүп.

Арт жагынан бакырып,
Тоодой кула ат минип,
Толгонуп Көк жал Манас кан
Манастап ураан чакырып,
Себилдүүсү сексен төрт,
Серпишкен жагы кызыл өрт,
Асмандан түшкөн боз кисе
Боз кисени курчанып,
Алтын түркүк чатырга
Алоокедей баатырга,
Манас кирди кол салып.
Алкым жактан Ажыбай
Айкырып найза сунду эле,
Ач айкырык куу сүрөөн
Абакең Бакай ак жолтой
Кисени мыктап курчанып,
Жер жайнаган манжуга
Жеткен экен кол салып.
Манастан Бакай кем эмес,
Кемите коер эр эмес.
Топурак учуп, тоз кайнап,
Эрен өлүп, көз жайнап,
Маңдай-тескей турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Барсылдашып урушуп,
Кудай сүйгөн канкор шер
Калайман салган ошо жер.
Эңкейиште эр сайып,
Эченди катар тең сайып,
Онжондогон Кула атын

Оң-тетири чуратып,
Жеткен жерин майдалап,
Жетигиң Манас сулатып.
Алышпай эрлер жатабы,
Алдырып салдык жоого деп,
Ошо күндөн ушу күн,
Акшы болду атагы.
Туура жагын карасаң
Ач айкырык, куу сүрөөн,
Манас кандын кырк бөрү
Кытайга салды чоң дүрбөөн,
Кырк чоронун ичинде
Кыргыл баштык карысы,
Кырылып жанды аябай
Кырылышты баарысы.
Жер болжолдоп турушуп,
Баатырдын жөнү ушундай,
Жекеме-жеке урушуп.
Берендерин барында
Беттешкени ушундай,
Белги кылып талааны
Бек майданга чыгышты.
Беттешкенин бир-бири
Найза менен жыгышып,
Жекеме-жеке чыдабай
Ач айкырык, куу сүрөөн,
Аламанды салды эми.
Кан Манас, Бакай, Ажыбай,
Алоокенин көп колу
Каптап жатып калды эми.

Кудай бетин көрсөтпө,
Капчыгай көчкөн немедей,
Найза төштө такылдап,
Айбалта башта шакылдап,
Касаба колдо калкылдап,
Кылыч башта жаркылдап,
Аламанга киргенде,
Ашкере согуш болгондо,
Найза тийген эрендер,
Четке тартып жадашып,
Качпаганы качканын,
Найза менен кадашып.
Караса козго илинбей,
Кум-Арыктын кең талаа
Кайсы экени билинбей.
Топурак учуп, чаң, каптап,
Тулпарлардын баарысы
Чаңга оролуп жөлөнүп,
Согуштун жайы мамындай,
Тулпарлардын баштары
Кыпкызыл канга бөлөнүп.
Арбын болду атагы,
Алоокени алганда
Арстан Манас төрөнүн
Катуу болду чатагы.
Адам өлүп, сай толуп,
Абаң Бакай карыя
Турган экен былк этпей
Туу кармаган ал болуп.

Аргын кандын Ажыбай
Алкымды тосуп сайышып,
Ырамандын Ырчыуулу,
Үзүктөй калпак эр Шууту,
Колу күчтүү Байчоро,
Качар жагы кайсы деп,
Каңгай жагы кайсы деп,
Андан бөлөк чоролор
Кыйкырып найза салыптыр,
Кырылышып калыптыр.
Кабылан Манас Көк жал шер,
Кайратты кылып курган эр,
Берендер алган беш белги,
Беш алты жерге орнотуп,
Берен Манас эр Көк жал
Бет алган жагын сойлотуп,
Асылдар берген ар белги
Ар кайсы жерге орнотуп,
Айдап жүрөт арстандар
Алооке колун сойлотуп.
Каарданып чамынып.
Канкордун жүзүн көргөндө
Алоокенин калың кол
Качып жүрөт жабылып.
Каптал дан чыкты Ажыбай
Качырса кайра тартпаган,
Канкоруңдун кырк чоро
Камбылдыгы бир далай.

Бакайдын жайын сурасаң,
Ич этинен ок өтпөс
Кийген Бакай эмеспи.
Найза имерип сунганда
Камбыл Бакай эмеспи,
Баатыр Манас сырдашы
Даңгыл Бакай эмеспи,
Кудай айдап Манаска
Келген Бакай эмеспи.
Бакайдын жайы ушундай
Найзакерден абыдан
Ыктуулугу дагы бар,
Айла тапкыч акылман
Мыктылыгы дагы бар,
Ары билгич, ары эр,
Эр Алооке баатырга
Эми Бакай абакең
Кол салышкан ошо жер.
Түнөргөн чаңда кайран баш
Ушу чатак ичинде,
Ажыбай, Бакай, шер Манас
Ушул үчөө аралаш
Козголтуп найза сунушуп,
Кезектешип урушуп,
Манас сайып өттү эле,
Ажыбай башын кести эле,
Бакай сайып өтүп жүр,
Манас башын кесип жүр.

Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Кыргынды кызык баштады
Алоокенин көп колун
Арстан Манас, Ажыбай
Бөрү жолдуу кырк баатыр,
Такыр кырып таштады.
Олжого алган алтынын
Арстан Манас ошондо
Олжо кылып чачыптыр.
Сыйкырчысы күн жайлап,
Жетик экен Алооке
Бээжинди көздөй качыптыр.
Үзүлгөндү улаган,
Чачылганды жыйнаган,
Акылман Бакай абасы
Ар кызматын карачы,
Алоокеге кирерде,
Айгайлатып тиерде,
Ишибиз болот окус деп,
Манас кандын кырк бору
Жоого тие элегинде
Чогуу жыйып алыптыр,
Чубатууга салыптыр.
Кара мылтык каре этсе
Качпай турган эренден,
Алган экен эр Бакай
Чогоол мылтык чорт этсе
Чочубаган беренди,
Тапкан экен зор Бакай.

Акыл ойлоп имерген,
Качып кетер жолуна,
Дыңша талаа боюна,
Оң эки чоро жиберген.
Оң эки чоро ошондо
Буйрук алып тосуптур,
Арстан Бакай абаңдын
Акылы артык озуптур,
Ошо тоскон жолунда,
Ошо күндөн ушу күн,
Оң эки чоро аты бар
Оң экиси баарысы
Ойротту бузар каркыбар.
Ал чоронун аттары
Күлдүр менен Чалыбай,
Серек, Шууту бул экөө,
Төлгөчү менен Ырчыуул
Байчоро менен Бозуул,
Көрөгөчү Даңгылы,
Эр Алооке баатырдын
Астынан чыгып ошондо
Оң эки чоро тосуптур.
Алоокени качырбай,
Так алты күн болгуча
Жолун тосуп калыптыр.
Кыраан Манас кабылан
Кыргынды кызык баштаптыр,
Алоокенин алтын арткан сан колун
Такыр кырып таштаптыр.

Эрендерин союптур,
Ал алтындын жанына
Ала качып кетчүдөй
Кырк чорону коюптур,
Ажыбай, Бакай эки эр
Жолдош кылып алыптыр.
Арстан төрө ошондо,
Кан Алооке баатырдын
Качкан изге салыптыр.
Ажыбайдын Карткүрөң,
Кан Манастын Аккула,
Бакай кандын Көк тулпар
Үч тулпар менен жарышып,
Оозу менен алышып,
Ээлендирип булкунтуп,
Энтиктирип жулкунтуп,
Кыраандардын кылыгы
Кытайга салган бузугу,
Энтеңдеп үчөө жарышып,
Үзөңгүсү кагышып,
Эңкейишке киргенде
Көк тулпар озот моюнча,
Адыр-кудур жер келсе
Аккула озот боюнча,
Айталаага келгенде
Карткүрөң озот оюнча,
Эрен Бакай, кан Манас
Эсеби жок ээликти,
Эркин сары талаага
Эми Көк жал кезикти
Талаанын жайы ушундай
Чымчып жээр чөбү жок,
Чык этим жерде суусу жок.

Жер көрүнбөй байланган
Караса козго илинбей,
Жердин бети жоо туман
Кайсы экени билинбей,
Жерден мунар бөлүнбөй,
Тоо башы топудай болуп көрүнбөй,
Адыр-кудур ар жагы,
Ак-Өзөн талаа бер жагы,
Ошого кирип барганда
Ары жагы бакырык,
Бакырыкты байкаса,
Манастап ураан чакырып,
Бер жагында бакырык,
Угуп байкап караса,
Какандап ураан чакырып,
Оң эки кеткен ойронго
Баатырдыгы башкача,
Озуп калган кези экен.
Эки жакка кетирбей
Эр Алооке баатырды.
Оң эки кыраан, эр Шууту,
Тосуп калган кези экен.
Каканчындын Бээжинге,
Болот эшик дарбаза
Кыйын эр экен байкаса,
Аламан коюп, чуу туруп
Оң экисин кыйратып,
Баса турган болуптур.

Тутанып өлгөн Алооке
Туш-тушка тарап кутулуп,
Кача турган болуптур.
Так ошентип турганда
Аккула санга бир салып,
Арстан төрө ошондо
Манастап ураан бир салып,
Канкор Манас жеткенде
Каптал жагы бакырык
Жана жетти эр Бакай,
Манастап ураан чакырып.
Кыя жагы бакырык,
Кыраан Ажы Көк жалын
Карткүрөң менен ойнотуп,
Кез келгенин сойлотуп,
Манастап ураан чакырып,
Асты жактан чоролор
Манастап салды сүрөөндү.
Канча баатыр болсо да
Карап туруп Алооке
Айласы эми түгөндү,
Койбой кыргын салды эми,
Эки ортого алды эми.
Калдайы менен Алооке
Атынан түшүп калды эми.
Тизелери бүгүлүп,
Алдырганда кытайдын
Адаты ушу турбайбы,
Кан Манастын алдына
Келин болуп жүгүнүп.

Алооке колго түшкөн соң,
Жанагы Манас баатырың
Жапааны жаман баштады.
Жанындагы манжусун,
Жайсаңдарын, төрөсүн,
Эл бийлеген эмесин
Такыр чаап таштады.
Кара тилин кайрады,
Кан, өлтүрбө мени — деп,
Камбыл экен Алооке
Мындай айтып сайрады:
Бали Манас эр Көк жал,
Шер экениң чын экен,
Артык баатыр кан ичме
Эр экениң чын экен.
Бээжин каны Карыкан
Алты күлүк ат берип,
Алакандан кат берип,
Буга кабар салыңыз.
Карыкандын алдына
Жетик айтып барыңыз.
Дегениңе көнүүчү
Ушу менин айымдан
Бээжиндеги чынар бак,
Ичиндеги алтын так,
Анык сизге берүүчү.
Бул жиниңди тыйыңыз,
Бизди тирүү кылыңыз.

Бизди тирүү кылбасаң,
Чымындай жанды кыйнасаң,
Өлтүрсөң менде айла жок,
Арстан Манас кабылан
Чымындай сизге пайда жок.
Айтканым ушу билип ал,
Арстаным Манас тилимди ал.
Алтын казган казына
Кенимди кошо берейин,
Чай алуучу Кара-Кыр
Жеримди кошо берейин.
Таш-Көпүрө шаарым бар,
Таш-Көпүрө жеринде
Түмөндөгөн айлым бар,
Муну кошо берейин.
Анын быяк четинде,
Агала чап, Кызыл-Кум,
Аңчы барса жыргаган,
Ойнобой бенде турбаган,
Кымбат баа жерим бар
Муну кошо берейин.
Өлтүргөн менен айла жок,
Мени өлтүрүп таштасаң,
Тенизим, сага пайда жок.
Өзүм өлсөм сөз калат
Түгөнбөй турган кунум бар,
Алооке менден туулган
Так алтымыш уулум бар,
Айтсам кызык мунум бар,
Айкөл Манас угуп ал,
Алтымыш жайсаң кенжеси
Бул Алооке кандын эркеси,
Ажайыптан окуган,
Атагын уккан чочуган,
Тетиги жалгыз көздүн элинен,
Аберген деген көлүнөн,
Суук-Төр деген жеринен,
Алтымыш баштуу ажыдаар
Ажыдаардын алдынан,
Быйыл алты жыл болду окуду,
Атагын уккан чочуду.

Кырк эшиктүү Бээжиндин
Кырк эшигин ачты дейт,
Сынчылар жыйып алыптыр
Бээжиндин каны Карыкан
Чубатууга салыптыр.
Канчалык сынчы көрдү дейт,
Көргөн жандын кыйласы,
Жүрөгү чыгып өлдү дейт.
Жүрөгүнөн жан чыгып,
Коломтодон кор чыгып,
Коңурбай аттуу зор чыгып,
Каарды катуу баштаптыр,
Кармаша кеткен калдайды
Калтырбай кырып таштаптыр.
Абыдан каарын көрүптүр,
Калдайлардын кыйласы
Жүрөгү чыгып өлүптүр.
Калаага кабар салайын,
Коңурбайды чакырып
Жолдош кылып берейин.
Коңурбай экөөң баш кошсоң
Кароолуң душман чалабы,
Катылган аман калабы,
Кармашкан аман болобу,
Катылган адам оңобу.
Эми өлтүрбөй коюңуз,
Калчага кабар салыңыз,
Жолборсум Манас өзүңө
Жолдош кыла салайын.

Жазы жаак, жалпак тил,
Жаңылбаган чоң, чечен,
Жаман экен Алооке
Кара жанын аябай
Кайрап турду Манаска,
Канча түрдүү сөз айтып,
Сайрап турду Манаска.
Ичсе канга тойбогон,
Берен Манас канкоруң
Катылса канга тоебу?
Колго тийген коенду
Баласын тартуу кылса да,
Манас аман коебу?
Каарданып, кубарып
Кан Манасың токтоду,
Ойлонуп байкап отуруп
Кабылан төрө ошондо
Качанкы жинди жоктоду.
Бул Алооке болбосо
Жүрбөйт беле тууганым
Толопоюн тоз кылып,
Туш-туш жакка кууганын,
Өндүрлөп конгон айыл жок,
Өрт өчкөндөй болуптур,
Кайда экени дайны жок.
Балдыраган манжунун
Байкасам кудай урганын,
Айласы кетип турганда,
Аңылдаган бул чочко
Баласын тартуу кылганын,
Колго түшкөн бул иттин
Баласын алып нетейин,
Алтайдан келсем жаңыдан
Жандаган турган кези экен,
Жан талашып бул акмак
Алдаган турган кези экен.

Тууган көрсөм Алооке
Сырты кара бул чочко
Сырымды билип албайбы,
Өзүнө кылган балааны
Так башыма салбайбы.
Суу каптатып үйүмө
Сырымды алып бул кытай
Жетпейби чогуу түбүмө,
Тийбей койсом кокустан,
Катылбай койсом окустан,
Эсирип кытай албайбы,
Элине кабар салбайбы.
Алдатып коюп окустан
Айыл консом кокустан,
Аш берип айыл конобу,
Эзели душман бул каапыр
Агарып тууган болобу?!
Алдап турган капырга,
Эр Алооке баатырга,
Сыртымдан сырым билбейби,
Капысынан бир келсе
Казынам бузуп кирбейби.
Айыл консо бул капыр
Ашыма тоюп албайбы,
Айлыма кыргын салбайбы,
Азган-тозгон элимди
Кайра баштан чачпайбы.
Каканчындын калкы бар,
Канчадан бери жоо болуп
Кан төгүшкөн салты бар.

Карап турсам Алооке
Каймана сөздөн көп айтып
Алдап жатат каркыбар.
Азыр тилин мен алып
Айыл консом ушуга,
Кыжылдаган көп кытай
Бир күнү каптап келбейби,
Тобомдон найза сунбайбы,
Төрөлөрдү кырбайбы,
Акыйнекти айтпайбы,
Баатырга балаа салбайбы,
Бардыгер кыргыз элимди
Олжого байлап албайбы.
Жоо аяган оңобу,
Аба Бакай кабылан
Абайлачы өзүңүз,
Алоокедей баатырды
Өлтүрбөй коюш болобу?
Асмандан түшкөн зулпукор
Айкөл Манас курчу ошол,
Катылышкан душмандын
Канын төгөр мүлкү ошол.
Кыйкырып кындан чыгарса
Кан ичпей куру жүрбөгөн,
Канга мыктап тойбосо
Катса кынга кирбеген.
Кындан сууруп алганда
Көк жалын болуп кызарган,
Кыябын таап шилтесе
Кырк кулач бою узарган,
Кошулма болот, куйма курч
Аманат жандын болжошу.

Алдаңыз берген зулпукор
Кармай калып сабынан,
Сууруп чыкты кабынан.
Каарданган Манас кан
Колундагы зулпукор,
Алоокедей баатырды
Шилтеп туруп калды эми.
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Даңгыттарга жарды эми,
Кабыландын зулпукор
Канга тоюп калды эми.
Берендери кырк жоро
Беш жүздөн олжо ат алып,
Бейли кеткен чабалдар
Бештен коштоо ат алып,
Каарды катуу баштады,
Кан Алооке баатырды
Каарданып кан Манас
Калтырбай кырып таштады.
Алоокени сойду дейт,
Алоокени алганда
Алтын тоодой үйүлүп,
Айкөл Манас төрөнүн
Атагы журтка билинип,
Кулак угуп, көз көргөн
Жерге кабар берди эми,
Алы начар чын бакыр
Элге кабар берди эми
Эптүү чоро Тазбаймат.

Элтир сарттын уулу экен
Алты күлүк ат берип,
Алакандай кат берип,
Анжыянды сураган
Айры сакал Сынчыбек
Азыр мында келсин деп,
Айкөл Манас төрөнүн
Кан экенин билсин деп,
Ашып-шашып баарысы
Дүрбөп журту калсын деп.
Алоокеден алган олжону
Абыдан бөлүп алсын деп.
Ага кабар салды дейт,
Кең Кашкарды сураган
Алты-Шаардын Алабек
Кордуктагы жан эле,
Кордукту койдой салчу экен.
Алабектин өзүнөн
Ай сайын болбой токмоктоп,
Алты миң жамбы, миң кундуз
Айдатып алым алчу экен.
Ок өтпөстү кийгизип,
Кулансурду мингизип,
Ал Алабек байкушка
Баабедин байдын баласы,
Байчорону жиберди.
Букарай Шарып бер жагы,
Бузулган Чамбыл бери жагы
Айтса сөзү дагы бар,
Эр Буудайык каны бар.

Калбай ошо келсин деп,
Бул Манастын кызыгын
Көзүн ачып көрсүн де,
Андан бери тартканда
Самарканда Санчыбек,
Кокон канда Козубек,
Басыра тартып кул болгон,
Алоокедей капырдын
Каарына чыдабай
Катындары тул болгон.
Баарына кабар салып кел,
Маргалаңдын Малабек
Байкуш болуп жүрдү эле,
Так ошону алып кел.
Ишенбесе сөзүнө
Айтып келгин өзүмө.
Кан Алооке баатырдан
Канча көргөн кордукту,
Ишенбесе сөзүнө
Менден көрөт зордукту,
Дегениме көнсүн де,
Ыкчамыраак келсин де,
Кубанчыга кансын де,
Олжологон сары алтын
Көрүп бөлүп алсын де.
Келбей адам калбасын,
Олжодон куру салбасмын.

Карысын коюп, жашына айт,
Калк бийлеген башына айт,
Ишенип сөзгө көнчүүгө айт,
Ашып-шашып чуу коюп
Адырандап келчүүгө айт.
Бөлөөрү алтын буюм де,
Алтынды тегиз бөлүүчү
Ажыбай, Бакай кыйын де.
Чеч-Дөбөнү жердеген,
Ченебеген эр деген.
Ай кулагы калкандай,
Алагар көзү чолпондой,
Батакерден дубакой,
Бек билимдүү жан эле,
Батасы журтту байыткан
Пайгамбар чалыш кан эле,
Бир туткан бирим ал эле.
Алтын жүктөп алууга
Көлүктөрүн камдасын,
Куржунга алтын түк батпай
Курган Кошой абакем,
Арманда болуп калбасын.
Кан абам Кошой келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де.
Кабылан канкор Манастын
Тырмак асты олжосун
Азган менен тозгонго
Үлөштүрүп Кошой дөө,
Колу менен бөлсүн де.

Катагандын карыя,
Калын журтка олуя,
Эпсиз эрдин камбылы,
Эр адамдын даңгылы.
Бендениздиң тынары,
Белсенишкен жоо болсо
Берен Манас Көк жалдын
Туу түбүнө турары,
Жетик Кошой карыя
Кызырдуу Кошой абама айт.
Кылчаңдабай келсин де,
Калыс да эле, кан эле,
Касиеттүү жан эле.
Колу менен кан абам
Алоокенин олжосун
Журтка болуп берсин де,
Бакай, Манас төрөдөн
Буйрукту калың мол алып
Кеткен экен Ажыбай,
Астындагы Күрөңдүн
Тозоңун тоодой нуратып,
Күндүз эмес, түн жүрүп,
Ашуусу бийик тоо ашып,
Агыны катуу суу кечип,
Чеч-Төбөнүн боюна,
Кара-Тоонун оюна
Дарбазалуу коргонго,
Кан Кошойдун ордого,
Эликтей ыргып түйүлүп,
Карткүрөңдөн түштү эми,
Курбусу алтын жез мамы
Шапа-шупа ат байлап,
Шамдагайы болжолсуз
Шапылдата бат байлап.

Кара болот айбалта
Билегине салылуу,
Алдасына жалынып
Ач албарс кылыч чалынып,
Күлүмсүрөп, тастайып,
Күлүп сүйлөп кашкайып,
Кылыч белде кыңгырап,
Кыялы башка Ажыбай
Кызыр чалган Кошойго
Салам айтып зыңгырап.
Оң колунда Ажынын
Алтын жаак айбалта,
Сол жагында Ажынын
Алтын жапкан жан калта,
Жан калтанын ичинде
Алып чыкты бир буюм,
Ак жаргакка жазган кат
Алып берди Кошойго,
Арапча жазган кат экен,
Катты окуп караса,
Кабылан Манас аты экен.
Ажыбай, Бакай, эр Манас
Үчөө туруп кат жазган.
Ак үйлүү кан Алооке
Алып салдык деп жазган,
Түп коргонун түз кылып,
Түйшүгү башка кытайды
Чалып салдык деп жазган,
Билген чатак чоң чырды
Кылып салдык деп жазган,
Кыл эмесин калтырбай
Кырып салдык деп жазган,
Аябаган дүмөктү
Салып салдык деп жазган,
Артып качкан дүйнөнү
Калтырбастан баарысын
Алып калдык деп жазган.

Күн мезгили мынчалык,
Күн мезгилин откорбой
Абам Кошой келсин деп,
Кытайдан түшкөн сан дүйнө
Мусулмандын журтуна,
Өз колу менен абакем,
Калыс бөлүп берсин деп.
Манастын кыйын экенин
Байкал эми билди эми,
Сөз айтпастан абакең.
Мыйыгынан күлдү эми.
Канкор аман чагында
Кеңитсин Кең-Кол, Таласты,
Кудай боосун бек кылгын,
Кара Көк жал Манасты.
Канкор Манас кааласа
Улуу тоюн көрөйүн,
Тырмак алды олжосун
Мусулмандын журтуна
Үлөштүрүп берейин.
Сексен нарын чиркетип,
Алтын жүктөп алууга
Кабылан Кошой абакен,
Бала каздай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Сөөлөтүн жандан арттырып,
Алтымыштай балбанга
Керней-сурнай тарттырып,
Ашып-шашып жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Алоокеге кыргынды
Салган жерге барды эми,
Акыр заман кыямат
Олжо кылып дүйнөнү
Алган жерге барды эми.

Калк атасы карыя,
Кайран Кошой олуя,
Кошой да тикти бир чатыр,
Ал чатырдын кеңдиги,
Бакай, Кошой алпы бар,
Бул сыяктуу алптардын,
Саны батып жаткыдай,
Бир бурчуна кырк чоро
Кенен ордо аткыдай,
Каары толук каапырдан
Олжого түшкөн чоң чатыр
Кан Алооке баатырдан.
Чатакташкан жерлери
Кум-Арыктын боюнда,
Олжо бөлдү калыкка
Кан Манастын тоюнда,
Арстан Манас кайран эр
Арстандыгың билгизип,
Ата уулудан жүздөн жан
Ал чатырга киргизип,
Келген жандын баарына,
Ак сакал Кошой карыга,
Сары майдан опуруп,
Дүнүйөнү толтуруп,
Кызыкты кыйын баштаган,
Баглан козу ширин баш
Бор кайнатып таштаган.

Кабар берген кандары
Калбай келген экен го,
Мусулмандын жандары.
Кары Кошой каны бар,
Мусулмандын баары бар.
Кандардын санын айталы:
Кокон кандын Козубек,
Анжыяндын айры сакал Сынчыбек,
Маргалаңдын Малабек,
Алты-Шаардын Алабек,
Келген жандын баары бар,
Буудайык каны даты бар,
Ал келген дин ичинде
Текечи кан, Шыгай кан,
Эштектердин Жамгырчы,
Эс билгендин баары бар.
Кеп берди Кошой карыга
Кеп айтып турду зор Кошой,
Келген жандын баарына.
Душманга каршы туулуп
Дурус келди көрдүңбү,
Мусулман сенин багыңа
Ырыс келди көрдүңбү?!
Көтөргүн Манас шериңди,
Таштагыла, мусулман
Кыжың-кужуң кебиңди.

Олжосун бөлүп алалы,
Ай талаада Манасты
Ак таалага жалынып
Кан көтөрүп алалы.
Кан көтөргөн себебим:
Ичинде далай бушман көп,
Теги ойлонгун жаман журт,
Тебелеп кетер душман көп.
Кыр жагыңда кытай бар,
Кыйрашар душман далай бар.
Маңдайыңда бараң бар,
Басташар жооң далай бар.
Дегенине көнөлүк,
Эки тизгин, бир чылбыр
Канкор шердин колуна
Ушу бүгүн берелик.
Башчы кылсаң Манасты,
Бирдикти койсоң бир жерге,
Катылып душман келеби,
Кармашып адам жеңеби,
Бармактуу адам батабы,
Тырмактуу жан тиеби!
Башчы кылсаң Манасты
Күн тийген зоңгок бел ошол.
Айтып берсем мен жайын
Манастын жайы ушундай,
Ай, калайык, ойлоп тур
Олжодон алган алтының
Албаганың аласың,
Жок дегенде муштумдай.

Кошой мындай дегенде
Кандын баары буркурап,
Миң бир ооз сөз айтып,
Калың журт турду чуркурап.
Абаң Кошой карыя
Айткан созго көндү дейт,
Эки тизгин, бир чылбыр
Эр Манаска берди дейт.
Төрө Манас Көк жалдын
Топ айткан тилин албасак,
Айдаган жакка барбасак,
Төшү түктүү жер урсун,
Төбөсү ачык кор урсун!
Ак келтенин огу урсун,
Ак милтенин чогу урсун!
Деп, ошондо мусулман
Катар турду буркурап,
Каргыш кылды чуркурап.
Бычакты кол го алышып,
Чырпыкты кыйып салышып,
Ак боз бээни жарышып,
Ар кайсы кандын баарысы
Карысынан колдорун
Канга колун малышып,
Кеп ушундай болсун деп,
Кеп ордуна конду деп,
Абасы Кошой карысы,
Канаттанды ошондо
Мусулмандын баарысы.

Чогулушуп калды эми
Алтын гүлдүү килемге,
Айкөл Манас төрөнү
Калкка атын билгизип,
Тоодой болгон алтын так
Алып келип Манасты
Отургузду мингизип.
Ал килемдин этегин
Кошой кармап барбактап,
Дегенине көнчүдөй,
Энчи бөлүп берчүдөй,
Туура келген килемди
Сегиз кандын баарысы
Туш-тушунан алды эми.
Айкөл эрди ошондо
Ай талаада калайык
Кан көтөрүп салды эми.
Дегенине көндү эми.
Алоокенин сан дүйнө
Келген жандын баарына
Абаң Кошой ошондо
Камчыга ченеп бөлдү эми.

Жайгаштыруу: 2023-11-17, Көрүүлөр: 378, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-17, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу