Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түндүк Америка

Баш барак | Гео | Түндүк Америка

Түндүк Америка (англисче North America, французча Amérique du Nord, испанча América del Norte, Norteamérica, астекче Ixachitlān Mictlāmpa) — Жердин Батыш жарым шарынын түндүгүндө жайгашкан материк.

Мазмуну
Түндүк Америка
Түндүк Америка
Аянты24 365 000 км²
Калкы579 000 000 адам (2016)
Калк жыштыгы22,9 адам/км²
Жашоочуларынын аталышытүндүк америкалыктар, америкалыктар
Мамлекеттер саны23 (2022)
Тилдеранглис, испан, француз ж. б.
Саат алкактарыUTC-10дон UTC чейин
Ири шаарларМехико (9,1 млн), Нью-Йорк (8,7 млн), Лос-Анджелес (3,9 млн), Чикаго (2,7 млн), Торонто (2,6 млн), Гавана (2,3 млн), Хьюстон (2,1 млн), Гватемала (2,1 млн), Манагуа (1,8 млн)

Түндүк Американын аянты, аралдарын эске албаганда — 20 360 000 км², аралдары менен — 24 365 000 км². Түндүк Американын аралдарына Гренландия, Канада Арктикалык архипелагы, Вест-Индия, Алеут аралдары ж. б. таандык.

Түндүк Американын калкы 579 миллион адам (2016), бул дүйнө калкынын 7 % түзөт. Материк чегинде көбүнчө АКШ, Канада, Гренландия, Сен-Пьер, Микелон жана Бермудду бириктирген Түндүк Америкалык аймакты белгилешет. Түндүк Америкада, Австралия сыяктуу эле, деңизге чыгуусу жок өлкөлөр жок, башкача айтканда бардык өлкөлөр деңизге чыга алат.

Этимология

Америка, немец картографтары Мартин Вальдземюллер жана Матиас Рингманндардын ойлору боюнча флорентиялык саякатчы Америго Веспуччинин ысымынан аталган деп саналат. Веспуччи 1497 жана 1502-жылдары Түштүк Американы изилдеп жатып, Америка Ост-Индия эмес эле, белгисиз континент деп жоромолдогон биринчи европалык болгон. 1507-жылы Вальдземюллер дүйнө картасын түзүп, Түштүк Америкалык континенттин Бразилия аймагын «Америка» деп атап жазган. Ал, картага тиркелген Cosmographiae Introductio китебинде аталышын кийинкидей түшүндүргөн:

Бүгүн бул дүйнө бөлүктөрү (Европа, Африка жана Азия) толук изилденди, ал эми төртүнчү дүйнө бөлүгү Америго Веспуччи тарабынан ачылды. Европа жана Азия аялдардын ысымынан аталгандыктан, мен бул жаңы аймакты аны ачкан айкөл эркектин аты Америга, Америганын Жери, же Америка деп атоого тоскоолдук көргөн жокмун.

Кийинчерээк, Түндүк Америка карталарда пайда болгондо, бул аталыш ага да тараган: 1538-жылы Герард Меркатор дүйнө картасында бүткүл батыш жарым шарды белгилөө үчүн «Америка» топонимин колдонгон.

Кээ бир изилдөөчүлөрдүн ою боюнча ал кезде ачылган жерлерди адам ысымынан эмес, фамилиясынан атоо кабыл алынган дешет (королдордон тышкары), ошондуктан аталышынын Америго Веспуччинин атынан коюлушу талаштуу делет. Альфред Хадд 1908-жылы континенттин аталышы Бристолдук валлиядан келген көпөс Ричард Америкенин ысымынан коюлган деген теория сунуштаган, жоромолдорго ылайык ал 1497-жылы Ньюфаундленди ачкан Джон Каботтун экспедициясын каржылаган имиш. Дагы бир гипотеза, Америка байыркы вестготтук аты бар Амаирик аттуу испан деңизчилинин атынан коюлган делет. Ошондой эле, «Америка» аталышы түп-тамырында индейлер тилинен чыккан деген версиялар бар.

1970-жылдардан баштап индей активисттеринин кыймылы Түндүк Америка үчүн «Таш бака аралы» терминин үгүттөй башташат.

Географиясы

Жайгашуусу

Түндүк Америка батышынан Тынч океан, Беринг деңизи, Аляска жана Калифорния булуңдары менен чулганат, чыгышынан — Атлантикалык океаны, Лабрадор жана Кариб деңиздери, Ыйык Лаврентий жана Мексика булуңдары, түндүгүнөн — Түндүк Муз Океан, Бофорт, Баффин деңиздери, Гренландия жана Гудзон булуңдары.

Батышынан Евразиядан Беринг кысыгы менен бөлүнүп турат. Түштүгүнөн Түштүк Америкадан Панама моюнчасы менен бөлүнгөн. Толугу менен Түндүк жарым шарда жайгашкан.

Түндүк Американын курамына көптөгөн аралдар кирет: Гренландия, Канада Арктикалык архипелагы, Алеут аралдары, Ванкувер аралы, Александр архипелагы ж. б.

Түндүк Американын четки чекиттери:

Түндүк Американын түндүктөн түштүгүнө чейинки узундугу 66° түзөт же 7326 км, батыштан чыгышты карай 112° же болжолдуу 5700 км. Ошондой эле, бул материк 60 миң км узундукка жеткен эң узун жээк сызыгына ээ.

Түндүк Американын ачылышы жана изилдөө тарыхы

Американын ачылышы жана Христофор Колумб менен алмаштырбайлы. Болжолдуу 1000 жыл мурун материкке Скандинавия жашоочулары — викингдер келет.

982-жылы киши өлтүргөндүгү үчүн Эрик Сары (орусча Эрик Рыжый) исландиялык колониядан куулган. Ал, Исландиядан 1000 километрдей алыстыкта жайгашкан жерлер жөнүндө аңгемелерди угат. Эрик ал жакка анча чоң эмес отряд менен бет алат. Татаал деңиз сүзүүдөн кийин ошол жерге жетет. Эрик бул жерди Гренландия («жашыл өлкө») деп атаган. 986-жылы Эрик өзү ачкан аралга викингдердин тобун чогултуп отурукташып калат.

Эриктин баласы Лейф Бактылуу, андан ары саякаттап Лабрадор жарым аралына жеткен.

1492-жылдын 12-октябрында Христофор Колумб Багам аралдарынын бири болгон «Сан-Сальвадор» аталып калган аралды ачкан. Бирок, Борбордук Американын материктик жээгин ал 1502-жылы гана ачкан.

1497-жылдын май айында Джон менен Себастьян Каботтор «Мэтью» кемесинде Бристоль портунан чыгышат. Июндун аягында алар Ньюфаундлен аталган аралга келип, аны Азия дешип, Ыйык Лаврентий булуңунан чыгышты карай жээк бойлор сүзүүсүн улантат. Жээк бойлой бир айча сүзүшүп, балыктын ири корун кемесине жүктөп, артка кайтышат.

1512-жылы Понсе де Леон Флорида жарым аралын ачат; 1513-жылы Бальбоа Панама моюнчасынын бир бийик жеринен Тынч Океанды көрөт. 1515-жылы Грихальва Мексиканын чыгыш жээгин, же Жаңы Испанияны ачат, кийинчерээк ал, 1519—1521-жылдары Фернандо Кортес тарабынан жеңип алынат.

Түндүк Америкада жаңы жерлерди ачуу үчүн жөнөтүлгөн биринчи француз кемеси 1524-жылы флорентиялык Джиованни Верраццани башчылык кылган жамаатта жөнөтүлүп, кеме Түндүк Американын чыгыш жээгин, Флоридадан Акадияга чейин айланып өтөт.

1534-жылдын апрелинде франциялык Жак Картье Сен-Мало шаарынан чыгып, 20 күндөн кийин Ньюфаундлен аралына жетип, аралды Бен-Иль кысыгы аркылуу айланып өтүп, Ыйык Лаврентий булуңуна кирет. Аймактын карталарын түзүп, Картье Францияга кайтып келет. 1535-жылы Картьенин үч кемеси кайрадан Ньюфаундленге жакындап келет. Ал, Антикост аралын түндүгүнөн айланып, Ыйык Лаврентий дарыясынын деңизге куйган оозуна кирет. Жол көрсөткүч гурондорду жалдап француз кемелерин дарыя аркылуу жылдырып, көп өтпөй индейлер Стадикон атаган жерге жетет (учурда [2022] ал жерде Квебек шаары жайгашкан).

Октябрдын башында француздар ирокездердин кыштагы Ошелагага келишет. Картье кыштактын үстүнөн көтөрүлгөн тоого чыгып, аны Мон-Руаяль (Падыша тоосу) деп атаган. Тоонун үстүнөн дарыя аркылуу өйдө көтөрүлүүгө мүмкүн эмес болгон босоголор көрүнүп турган. Картье Стадаконго кайтат. Француздар бул жерде кыштап, чеп курушкан.

1541-жылы Картьенин үчүнчү деңиз саякаты башталган. Ал, өзү тарабынан изилденген жерлерде Жаңы Франция жалпы аталыштагы жаңы колонияны түзүүсү керек эле. Бирок, ою ишке ашкпай калат. Саякатчы Францияга кайтып каарга калып, 1557-жылы унутулуп каза болот.

1577-жылы Гудзон булуңунун ооздорунун биринен англичан Фрабишер өтүп, ошондон тарта Түндүк Американын артикалык жээктерин изилдөө боюнча бир катар экспедициялары башталган. 1585—86-жылдары Джон Дейвич Гренландиянын батыш жээгин айланып өтүп, Баффин Жеринин Камберленд булуңун ачып, түндүк америкалык жээкти тыкат изилдеп, Гудзон кысыгынын так жайгашкан жерин аныктаган; 1609—11-жылдары Генри Гудзон Түндүк Американын түндүк-чыгыш жана чыгыш жээктерин изилдеген; 1611—15-жылдары Баффин жана башкалар Баффин булуңуна кирген.

1608-жылы Самюэль де Шамплейн Стадакона кыштагынын ордунда Квебек шаарын негиздеген, ал эми 1611-жылы Ошелага кыштагынын жанында — Монреаль шаарын.

1542—1543-жылдары испан жараны Хуан Родригес Кабрильо Калифорния жээктерин изилдөө үчүн заманбап Мексикадан түндүктү карай чыккан.

Түндүк Америка Азия менен бирикпей турганынын 1648-жылы казак Дежнёв Беринг кысыгын ачуу менен аныктап, кийин 1725—28-жылдары Берингге барып ага өзүнүн атын берген.

XVIII кылымдын ортосунда Улуу Түндүк экспедициянын жүрүшүндө материктин түндүк-батыш жээги ачылган. 1741-жылдын июль айында Витус Беринг башчылык кылган «Ыйык Пётр» кемесинин тобу америкалык жээкти болжолдуу 58° түндүк кеңдикте көргөн, ал эми Алексей Чириков башчылык кылган «Ыйык Павел» кемеси америкалык жээктерге кичине түштүгүрөөк жакындаган — 55° түндүк кеңдикке жакын.

1775-жылдан баштап Түндүк Американын түндүк-батыш жээктерин испан жарандары Хуан Айала, Франсис, де ла Бодега-и-Квадра, 1777—78-жылдары британиялык деңиз сүзүүчү Джеймс Кук изилдеген. 1789-жылы Макензи өзүнүн аты менен аталган дарыянын деңизге куйган оозуна жетип, 1786-жылы Лаперуз жана 1792—94-жылдары Ванкувер картага түндүк-батыш жээгин түшүргөн.

1539—43-жылдардагы испан саякатчысы Эрнандо де Сотонун Миссисипи дарыясы чулгаган жерлерге саякаты, Түндүк Американын тереңине болгон экспедициялардын биринчиси болгон. 1540—1542-жылдары Франсиско Васкес де Коронадо Мексикадан түндүккө карай испаниялык экспедицияга башчылык кылган. 1673-жылы аң тери менен соода кылган француз тектүү жаран Луи Жоллье жана франциялык миссионер Жак Маркет Арканзас Миссисипи дарыяларынын кошулган жерине жетип, мында алар индейлерден Миссисипи Тынч Океанга эмес, Мексикалык булуңга куярын угушкан. 1682-жылы француз де Ла Саль Миссисипи дарыясынын куйган жерине жеткен. 1804—06-жылдары Льюис жана Кларктын экспедициясы АКШнын батышындагы жаңы жерлерди («Луизиана сатып алуусун») изилдеген.

Геология

Лаврентийдин байыркы материги Түндүк Американын өзөгүн 1,5—1 млрд жыл мурун протерозой заманында калыптандырган. Кеч палеозой жана эрте мезозой ортосунда Түндүк Америка башка заманбап материктер сыяктуу эле Пангея суперконтинентинен бөлүнгөн.

Канаданын геологиясы

Канада дүйнөнүн эң картаң аймактарынын бири, жарымынан көбү кембрийге чейинки тектерден түзүлгөн, бул тектер палеозой заманынын башталышынан деңиз деңгээлинен өйдө болгон. Канаданын минералдык ресурстары абдан ар түрдүү жана кенен. Континенттин түндүгүндө жайгашкан Канада калканы темир, никель, цинк, жез, алтын, коргошун, молибден жана уран кендеринин запастарына ээ. Арктикада алмаздын олуттуу топтомдору табылып, бул Канаданы дүйнөдөгү эң ири алмаз жабдуучуларынын бирине айландырды. Канадалык калкандын бүткүл узундугунда пайдалуу кендерди казуу боюнча көптөгөн тоо-кен шаарлары бар. Алардын эң ири жана белгилүүсү — Онтарио провинциясындагы Грейтер-Садбери шаары. Садберинин кендери минералдардын нормалдуу калыптануу процессинен өзгөчөлөнүп турат, анткени, Садбериялык бассейн байыркы метеорит кратеринде калыптанган деген аныктамалар бар. Анын жанында Садбери бассейни менен өтө окшош, азыраак белгилүү Темагами Магниттик аномалиясы жайгашкан, бул анын металл кендерге бай экинчи кратери бар экенине жоромол жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

АКШнын геологиялык провинциялары

Канаданын түштүгүрөөк жагында жайгашкан АКШнын 48 штатын бириктирүүдө, ал болжолдуу беш физико-географиялык провинцияларга бөлүнүшү мүмкүн:

Алясканын геологиясы Кордильерлерге (Кордильер — түндүк жана түштүк американын батыш аймактарын бойлой созулган улуу тоо системасы) таандык, ал эми Гавай штатынын ири аралдары ысык чекитте жайгашкан неогендик жанар тоолордон калыптанган.

Борбордук Американын геологиясы

Борбордук Америка (Түндүк Американын түштүгү жана Түштүк Американын түндүгү) геологиялык жактан мезгил-мезгили менен болуп турган жер титирөөлөр жана жанар тоолордун жарылуулары менен жетишээрлик активдүү келет. 1976-жылы Гватемаладагы жер титирөөдөн болжолдуу 23 000 адам каза тапкан; Никарагуанын борбору Манагуа 1931 жана 1972-жылдардагы жер титирөөдө кыйраган, акыркы учурунда болжолдуу 5000дей адам каза болгон; үч жер титирөө Сальвадорду дээрлик ойронго учураткан, биринчиси 1986-жылы, калган экөө 2001-жылы; 2009-жылы жер титирөө Коста-Риканын түндүк жана борбордук облусун кыйраткан, 34 кем эмес адам каза болгон, ошондой эле, 2009-жылы Гондурастагы катуу жер титирөөдөн улам 7 киши каза тапкан.

Аймакта жанар тоолордун атылышы сейрек эмес. 1968-жылы Коста-Рикадагы Ареналь жанар тоосу жарылып, 87 адам каза болгон. Жанар лаваларынын шамалдан желип-жешилип пайда болгон түшүмдүү топурактар, бул тоолуу аймактардагы түшүмдүү айыл-чарба аймактарындагы калктын жогорку жыштыгын сайтайт.

Борбордук Америка көптөгөн тоо кыркаларына ээ, эң узуну Сьерра-Мадре-де-Чьяпас, Кордильера-Изабелла жана Кордильера-де-Таламанка. Кыркалар ортосунда түшүмдүү өрөөндөр жайгашып, адамдардын жашоосуна жакшы ыңгайлашкан, мындай жерлерде Гондурастын, Коста-Риканын жана Гватемаланын калкынын көпчүлүгү жашайт. Өрөөндөрдүн климаты кофе, фасоль жана башка маданий өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жарактуу.

Жээк кыркалар Түндүк Американын батышында созулуп жатат. Чыгышта Аппалач тоо системасы. Бул абдан байыркы, кыйрап бараткан тоолор. Сьерра Невада, Каскад, Аскалуу тоолор сыяктуу тоо кыркалары дагы бар.

Рельеф

Лаврентий дөңсөөсү Канада калканынын материктик бөлүгүнө туура келет. Мунун рельефинин өзгөчөлүгү узакка созулган денудация жана муздун иштетилиши менен байланыштуу. Дөңсөөнүн жантайма-толкундуу бети 1537—6100 метр бийиктикке ээ.

Борбордук түздүктөр Түндүк-Америкалык платформасынын плиталарынын бөлүгүнүнө туура келет. Бийиктиги 200—500 м. Рельеф эрозивдүү жана аз толкундуу, түндүк бөлүгүндө рельеф муздуу, морена жөөктүү жана зандрлуу (орусча задровый) талаалар менен. Рельефтин түштүк бөлүгүндө токой каптамдары бар. Мындай дөңсөөлөргө Озарк дөңсөөсү (бийиктиги болжолдуу 760 м) жана Уошите тайпак тоосу (884 м чейин) таандык, булар эпигерцин платформасынын бүктөлмөлүү негизинен турат.

Кордильера платосунун этектери Улуу түздүктөр саналат. Бийиктиги 500—1500 м. Ларамий бүктөлмөлүүлүк доорунда Кордильердин кыйроо калдыктарынын чогулгандыгынан жана андан кийинки бетинин көтөрүлүүсүнөн пайда болгон. Геоморфологиялык түзүмү жетишээрлик татаал, түпкүрдүк, мореналык, флювиогляциялдык жана лёссдук төртүнчүлүк тектерге ээ.

Жээк ойдуңдар материктин түштүгүндөгү эпигерциндик платформага ылайык келет. Бийиктиги 200 метрден ашпайт. Арткы бөлүктөрүндө эрозиялык формалар көп, ал эми жээк зонасында — барлар (жээк алкактардагы тайыз жерлер), лагуналар, кумдуу пляждар, костор (суу объектисинин жээгиндеги сууга чулгануучу кургактык сызыгы), жалпак жапыз террасалар бар.

Түндүк Американын эң жогорку чекити — Денали тоосу (2015-жылга чейин Мак-Кинли аталган, 6190 м), эң төмөн жери — Өлүм Өрөөнү — деңиз деңгээлинен 86 метр төмөн.

Тоолор

Климат

Четки түндүк климаты — арктикалык, Борбордук Америка жана Вест-Индияда — субэкватордук, ички бөлүктөрүндө — континенталдык. Январдын орточо температурасы -36 °Cдан (Канада Арктикалык архипелагынын түндүгүндө) +20 °C чейин (Флориданын түштүгүндө жана Мексика тоо этектеринде), июлдуку — Канада Арктикалык архипелагында +4 °Cдан +32 °C АКШнын түштүк-батышында. Алясканын жана Канаданын Тынч океандык жээгинде, ошондой эле АКШнын түндүк-батышында жаан-чачындын саны эң жогору (жылына 2000—3000 мм); материктин түштүк-чыгышында жаан-чачын саны 1000—1500 мм, Борбордук түздүктөрдө — 400—1200 мм, Кордильердин субтропикалык жана тропикалык тоо аралык өрөөндөрүндө — 100—200 мм. Түндүктү карай 40-44° түндүк кеңдикте кышында туруктуу кар катмары калыптанат. Жай мезгили жылуу, сейрек жаан-чачындар, кургакчылык жана ысык шамалдар менен.

Түндүк Американын климаттык шарттары өзгөчө ар түрдүү. Бул уюлга жакын болгон, ошол эле учурда, түндүктөн түштүктү карай 7 км ашык аралыкка созузлган Жердин «эң түндүк» континенти. Материк экватордук алкактан тышкары планетанын бардык климаттык алкактарында жайгашкан. Ушундай ар түрдүү климат түрлөрүнөн улам Түндүк Америкада Жердин дээрлик бардык табият алкактары калыптанган, ал эми жаратылышы өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өзгөчө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Канада Арктикалык архипелагынын аралдарына, Гренландияга жана Алясканын түндүк бөлүгүнө арктикалык климат мүнөздүү. Түштүктөгү таштак келген жылаңач арктикалык чөлдөр мохтор жана эңилчектер менен капталган, түндүктө калың каптамдуу муздардын алдында. Кыш мезгили өзгөчө катаал, орточо температура -32 °Cдан -40 °C чейин, Гренландиянын ички аймактарында андан дагы төмөн. Жаан-чачындын саны өтө аз, жылына 250—100 мм. Жай дээрлик келбейт, жылдын эң ысык айларында гана абанын температурасы 0 °C көтөрүлөт.

Субарктикалык климаттык алкагы Канаданын түндүк жана борбордук бөлүгүндө, ошондой эле, Алясканын борбордук жана түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Бул жерде тундранын жана токой-тундранын табигый алкактары бар. Жайы өтө кыска, кар июнь айында эрип, жылуу аба ырайы бир айга жакын гана кармалат. Уюлдук тегеректен тышкары уюлдук түн жана күн келет. Түндүктү карай жаан-чачындар азыраак боло баштайт — жылына 500дөн 100 мм чейин. Кышында температура −24төн −40 °Сге чейин төмөндөйт. Кышы катаал жана узак. Жаан-чачындардын максимуму мелүүн аба массалары басымдуулук кылган жай мезгилине туура келет. Жайында температура түштүктө 0дөн +16 °Сге чейин жогорулайт.

Мелүүн алкак — Кошмо Штаттардын түндүк жана борбордук бөлүгүн, ошондой эле Канаданын түштүк бөлүгүн ээлеген Түндүк Американын эң кеңири климаттык алкагы. Мелүүн алкак өзүнүн ичинен дагы үч секторго бөлүнөт. Алардын эң жумшак алгагы — батыштагысы. Батыш сектор — жылуу Түндүк-Тынч океандык агымдын эсебинен бул жерде көп сандагы жаан-чачындар түшөт, көбүнчө кышында. Материкте катталган жылына кардын эң көп жаашы дал ушул жерде болгон — Рейнир жанар тоосунун аймагында (АКШ) 1971—72-жылдардын кышында ал 31 102 мм түзгөн. Орто эсеп менен бул жерде жаан-чачын 2000ден 3000 ммге чейин түшөт. Жайы +8 — +16 °C температурасы менен жетишээрлик салкын. Салыштырмалуу мелүүн климаттын кышы түндүктө 0дөн — +16 °Сге чейин жылуу. Борбордук сектор алда канча катаал. Батыштагы деңиз климатынан айырмаланып бул жакта климаттын континенталдык жана чукул континенталдык түрлөрү байкалат. Жаан-чачындын көлөмү жылына орточо 250дөн 500 мм чейин. Ачык күндөр көп болгонунун себебинен (океандан алыс болгондугунан) бул жерде температуранын өтө чоң жылдык амплитудалары байкалат — жайында +16 — +24 °C, кышында -8 — -32 °C. Түндүгүндө жетишээрлик чукул түрдө талааларга өткөн тайга табият аймагы бар. Өтө чукул климаттан улам жалбырактуу токойлор анча көп эмес аймактарды ээлейт. Чыгыш сектор муссондордун таасири астында турат. Бул жерде жаан-чачын Атлантика океанынын жээгинде 2000 ммден, материктин ичинде 500—1000 ммге чейин түшөт. Жайы жылуу жана салкын, +16 — +24 °C, кышы кайра эле салыштырмалуу жылуу, 0 до −16 °C. Сектордун түндүгү бореаль (түндүк) токойлору же тайга менен ээленген, түштүгүндө — аралаш жана жазы жалбырактуу токойлор.

Субтропикалык климаттык алкак Мексиканын түндүк бөлүгүндө жана АКШнын түштүк бөлүгүндө. Материкте, ал абдан чоң аймакты ээлейт, бирок, ушул эле себептерден — батыштан чыгышты көздөй созулгандыктан, бардык аймактары жашоого ыңгайлуу эмес. Бул алкакты дагы үч секторго бөлүүгө болот. Батыш сектор — Тынч океандын жээгин бойлой ичке тилкеде — Кордильер тоо этектеринде созулуп жатат. Бул жерде аралаш токойлуу (түндүктө) жана катуу жалбырактуу түбөлүк жашыл токойлор жана бадалдар табигый аймактары (түштүктө) жайгашкан. Мында орточо температурасы +16дан +24 °C чейин ысык жай мезгили жана +8ден — 0 °C чейинки кыш мезгили байкалат. Жаан-чачындар саны 500дөн 2000 мм чейин, түштүктөн түндүктү карай өсөт. Борбордук жана континенталдык сектор жагымдуу эмес климаттык шарттар менен мүнөздөлөт. Сектордун чоң аянттары Кордильерлер менен ээленген, түздүктөрдө чөлдөр калыптанат. Мында кургак континенталдык аба массалары басымдуулук кылат, бирок, жаан-чачындар аз түшөт — жылына 100дөн 500 мм чейин. Абанын температурасы жайында +32 — +16 °Сден кышында +8 -8 °Сге чейин. АКШ жана Мексиканын борбордук субтропиктеринин көйгөйү: чөлдөрдүн өсүүсү жана климаттын кургашы. Чыгышты карай жүрүүдө чөлдөр талаалар жана токой талааларына алмашат. Чыгыш сектор муссондордун таасири астында. Жаан-чачындар көп түшөт, жылына 1000—2000 мм, мындай жамгырлар кээ бир жерлердин мезгил-мезгили менен сазга айлануусуна алып келет. Нымдуу климат өзгөрмө нымдуу токойлордун өсүшүнө шарт түзөт. Жайы ысык (+32 °C жана андан жогору) жана кышы жылуу 0дөн +24 °Cге чейин (Флоридада).

Тропикалык климат Борбордук Американын көпчүлүк бөлүгүнө мүнөздүү. Аймак боюнча жаан-чачындын бөлүштүрүлүшүндө үч сектор белгиленет. Батыш сектор (Түштүк Мексиканын Тынч океандык жээги) өзгөрмө нымдуу токойлор менен ээленген. Жаан-чачындар Кордильердин шамалдуу эмес капталдарында түшүп, алардын саны жылына 2000 мм чейин жетет. Борбордук сектор саванналар жана чөлдөр менен ээленген. Континенталдык тропикалык аба массаларынын таасири алдында болуп, ошондой эле, Кордильер капталдары да тоскоолдук жаратып, борбордук сектор жаан-чачынга муктаж. Аймактын деңиз деңгээлинен бийик болгонуна байланыштуу температуралар бул жерде кичине төмөнүрөөк. Жайында +16дан +32 °C чейин (бийиктикке жараша), кышында — +8ден +24°С чейин. Жаан-чачындын саны 500дөн 250 мм жана андан дагы төмөн.

Түндүк Американын субэкватордук алкагы континенттин түштүгүндө Панама моюнчасында жайгашып салыштырмалуу кичинекей аянтка ээ. Алкак өзгөрмөлүү нымдуу токойлор аймактарын, ошондой эле, батышында саванналарды жана сейрек токойлорду камтыйт. Мында жайында дагы, кышында дагы туруктуу ысык аба ырайы сакталып турат, орточо температура +20 °C, жаан-чачындардын максимуму жай мезгилине туура келет. Жаан-чачындын саны жылына 2000-3000 мм же андан жогору.

Гидрография

Түндүк Америкада көлдөр жана дарыялар жетишээрлик көп: Миссуринин куймасы менен Миссисипи жана таза суунун эң чоң топтолушу Улуу Америка көлдөрүнүн аймагында жайгашкан. Климаттык жана орографиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу континенттин аймагына суу бирдей эмес жетет. Атлантика океаны менен байланышкан Улуу Көлдөр жана Ыйык Лаврентий дарыясы ири суу системасын түзөт.

Түндүк Американын дарыялары Тынч, Түндүк Муз жана Анлантика океандарынн бассейиндерине таандык; алардын кээ бирлери ички агымдарга ээ. Көпчүлүгү Атлантика океанына куят.

Дарыяларынын көпчүлүгү транспорттук жана гидроэнергетикалык чоң мааниге ээ.

Материктин ар кайсы бөлүктөрүндө бирдей эмес дарыя режимдерине ээ болгон ар кандай суу системаларынын түрлөрү жайгашкан. Алар климаттын өзгөчөлүктөрүнөн жана орографиялык шарттардан көз каранды.

Дарыялар

Көлдөр

Ички суулары

Түндүк Американын ички суулары бешөө: Жогорку, Гурон, Мичиган, Эри жана Онтарио. Акыркы экөөнүн ортосунда Ниагара дарыясы агып, мында Жердеги эң белгилүү Ниагара шаркыратмасы калыптанган. Ички кургакчыл Кордильер аймактарында ири тузду көл — Чоң Туздуу көл орун алган.

Фауна

Жаныбарлар дүйнөсү. Материктин тропикалык эмес болгон чоң бөлүгүнүн фаунасы, Евразиянын аналогиялуу фаунасына кыйла окшош, бул алардын мурда кургактыктагы байланышы болгондугунун натыйжасы, жана мындагы аймактарды бир ири зоогеографиялык Голарктика аймагына бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен катар, фаунанын кээ бир спецификалык өзгөчөлүктөрү түндүк-америкалык бөлүктү өзүнчө Арктикалык эмес аймак катары кароого жана Евразиянын Палеарктикалык аймагын ага каршы коюууга негиз берет. Тундралык зонага мүнөздүү жаныбарлар: түндүк бугу (карибу), ак аюу, арктикалык түлкү (песец), лемминг, уюлдук коён, уюл үкүсү, уюлдук кекилик. Койбука Канада Арктикалык архипелагында жана Гренландиянын түндүгүндө гана кездешет. Тайганын типтүү өкүлдөрү: кемчет, америкалык киш, вапити, күрөң аюу, канада сүлөөсүнү, жыгач жайра, булгун (росомаха), ондатра, илька суусары, кызыл тыйын чычкан, чоң абыргандар (летяга). Жаныбарлардын саны кескин кыскарган учурлар болгон, өзгөчө териси баалуу жаныбарлар.

Бир катар оригиналдуу түрлөрдү (мисалы, виргиния бугусу, скунс, боз түлкү, жылдыз тымшуктар, кызыл сүлөөсүн, боз тыйын чычкан, канатуулардан — айры куйруктуу ак кулаалы, жапайы үндүк) камтыган аралаш жана жазы жалбырактуу токойлордун фаунасы да жабыр тарткан. Хомяктар, жер казгычтар, токой суурлары көбүрөөк кездешет. Материктин түштүк-чыгышындагы субтропиктерде жазы жалбырактуу токойлор менен жалпы келген жаныбарлар менен бирге тропикалык фаунанын өкүлдөрү да кездешет — аллигатор, аллигатордук таш бакалар, ибистер, фламинго, биргазандар (пеликандар), колибри, Каролин тоту кушу. Талаа жана токой-талаа жаныбарларын көп өлчөмдө жок кылышкан: бизон (коруктарда гана сакталып калган), айры мүйүздүү антилопа, узун кулак мазама бугусу (тоолордо сакталып калган), чөө карышкыр, прерийлер (талаалар) түлкүсү; бир кыйла кемирүүчүлөр: сары чычкан (суслик), шалбаа итчелери, талаа күзөндөр (хорёк), кашкулак, капчыктуу келемиш жана канаттуулар: жер үкү, шалбаа каракуру жана башкалар. Кордильер тоолуу-токой ландшафттары үчүн калың мүйүздүү кой, гризли аюусу, ак (кар) теке мүнөздүү. Чөлдүү-талаа тайпак тоолордо сойлоочулар көп, анын ичинде уулуу шылдыроочу жылаан, уу тиштүү кескелдирик, фринозома кескелдириги, дубал жыланы ж. б. Борбордук Америкада, Вест-Индияда, жарым-жартылай Мексика тоо этектеринин түштүгүндө тропикалык жаныбарлар басымдуулук кылат, анын ичинде түштүк америкалыктар дагы — кескелдириктер, брондуу жаныбарлар (орусча броненосец), маймылдар, жарганаттар, колибри, тоту куштар, таш бакалар, крокодилдер ж. б.

Түндүк Американын мамлекеттери жана аймактары

Көз карандысыз мамлекеттер

Мамлекет Аянты (км²) Калкы 2008 Калк жыштыгы (адам/км²) Борбору
Антигуа жана Барбуда 442 88 000 199,1 Сент-Джонс
Багамдар 13 943 342 000 24,5 Нассау
Барбадос 430 256 000 595,3 Бриджтаун
Белиз 22 966 307 000 13,4 Бельмопан
Гаити 27 750 10 033 000 361,5 Порт-о-Пренс
Гватемала 108 889 14 027 000 128,8 Гватемала
Гондурас 112 492 7 466 000 66,4 Тегусигальпа
Гренада 344 104 000 302,3 Сент-Джорджес
Доминика 751 67 000 89,2 Розо
Доминикан Республикасы 48 671 10 090 000 207,3 Санто-Доминго
Канада 9 984 670 33 573 000 3,4 Оттава
Коста-Рика 51 100 4 579 000 89,6 Сан-Хосе
Куба 109 886 11 204 000 102,0 Гавана
Мексика 1 964 375 112 322 757 57,1 Мехико
Никарагуа 130 373 5 743 000 44,1 Манагуа
Панама 75 417 3 454 000 45,8 Панама
Сальвадор 21 041 6 163 000 293,0 Сан-Сальвадор
Сент-Люсия 539 172 000 319,1 Кастри
Сент-Винсент жана Гренадиндер 389 109 000 280,2 Кингстаун
Сент-Китс жана Невис 261 52 000 199,2 Бастер
Америка Кошмо Штаттары 9 629 091 311 630 000 32,7 Вашингтон
Тринидад жана Тобаго 5130 1 339 000 261,0 Порт-оф-Спейн
Ямайка 10 991 2 719 000 247,4 Кингстон

Көз каранды аймактар

Жайгаштыруу: 2022-05-16, Көрүүлөр: 12929, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-05-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу