Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргызстандагы карлуктар

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргызстандагы карлуктар

Кыргызстандагы карлуктар — күн батыш түрк мамлекети бытырагандан кийин рухтарынын баш кошо албагандыгынын анык кабарларын Кытай, Араб, Персия тарыхчылары көрсөтөт. Мамлекет кураган түрк эли, түрк атагынан башка күн батыш менен күн чыгышта дагы башка атак алып, угуз же болбосо тогуз угуз делип жүргөн.

Эскертүү: макала көбүн эсе гипотеза негизинде жазылган.

Макала негизи

Кытайдын тарыхчылары Синцизандын күн чыгышында Шато аталып, мамлекет курган түрктөрдүн насилинен күн батыш түрк мамлекетинен келип, мамлекетин курган түрктөр дейт. Бул түрктөр араб тарыхтарында Тогуз Угуз аталган. Булардын бир бутагы күн батышка барып, өзүнчө мамлекет курап, борбору Сыр дарыянын аягында болгон. Түндүк жактагы Кыргызстанга уйгуpлардын келгендигин өздөрүнүн ич арасында айта келген. Яфеттин уулу түрктүн турган жери Ысык-Көл болгон делет.

Кыргызстандын түндүгүндө токсу жана ази уруктарынан саналган түргөч түрктөрү калган. (Азия — балким, Орхон жазуундагы «аз» чыгар). Кыргызстандын түндүгүндөгү бийлик VIII кылымдын аягына жакын карлуктарга өткөн. Ошондо булардын көбү Алтайдан келген. Бир бутагы VII кылымдын башында Аму дарыянын жээгине келип, 766-жылы карлуктар Суябды алып, борборун ошого көчүрүп келген. Падышасынын титулун Жабко дешчү. Күн батыш түрк мамлекети жыгылгандан кийин Кыргыздандын түндүгү (бөлүгү), башкача айтканда Жети-Суу арабдар тарабынан багындырылбастан, түрктөрдүн өз колдорунда калган. 751-жылы араб аскеринин башчысы Сиябдин Салих тарабынан жеңилген соң кытайдын катышуусу болгон эмес. Арабдар болсо, VIII кылымдын аягында Ферганадан карлуктарды сүрүп чыкканына кубанып жата берген.

Бизге маалым болгондой арабдар түндүк-чыгышта Таластын күн чыгыш жагына өтпөгөн. Арабдардын түрктөр арасына жайылышынын таасиринен дагы мусулман маданиятын соодагерлер аркылуу жайгандыгы артыкча болгон. Мавренахир калкы мусулмандар келгенге чейин эле Орто Азиянын ар кайсы жерине соода колониясын тургузган. Орто Азия түгүл, күн чыгыш Түркестан (Сияцизиян) чыгыш четинде туруучу Тогуз Угуз арасында согдилердин колониялары болгон. Түндүк жак Кыргызстанда согдилердин ролу X кылымдагы Иран географиячысынын «Беклик», «жаки Беклилик» деген Каштектин ашуусунун түндүк жагындагы кыштак, согди тили менен «Семекна» аталган. Булардын арасында башка Мавренахирде болгон ар кайсы диндердеги миссионерлер дагы көп болгон. Алардын арасында нисториян, хрестьяндары дагы бар болчу. Мусулман тарыхчыларынын кабарына караганда, Орто Азиянын түрлүү шаарларынын арасында назара чөкөөлөрү (эмне деген сөз бул?) көп болгон. Ысык Көлдүн жээгинде көч 4-жүрүүчү көчмөн калк жикилейдин ичинде назарлар болгон. Мусулман авторлору күн батыш Азияда түндүк жак Кыргызстанды басып, Кытайга кеткен соодагерлер жолун аныктап жазып, эки ортодо шаарлар болгондугун жазышат. Бирок, буларды окуганда кээ бир жерлери шектүү. Бишкектин жанындагы азыркы Аламүдүн турган жердеги жол болушу мүмкүн, түрк тили менен чөл шаары болуп, ушул жерде (Талас, Олуя Атадан) келген жол менен Аксикен (Наменгенден), Караколдон келген жол кошулган. Тарых жазуучусу Солтоной уулунун пикиринде Чөл шаары Аламүдүн ордунда эмес, Сокулуктун жанындагы Чалдыбар, Ак-Дөбө төрткүлү болушу мүмкүн. Чүй боюнда соодасы көп делген шаар — Невкет. Бул шаардан жол экиге айрылып, бири Желаргы капчыгайы менен жүрүп Ысык-Көлгө барган, экинчиси түндүк жагына карап Суябга кеткен. Чөл шаары Невакеттин арасы 90 километр болуп, ушул айтылган жер карлукка тийиштүү болгон делет. Ысык-Көл өзөнү карлуктан бөлүнгөн эл, жикилейге тийиштүү болгон. Невакет менен Желаргы капчыгайынын арасында соодалуу Керменкет жаки Күнберкент деген кыштак карлуктардын лабан уругуна тийиштүү. Башчысы Кутегин Лабана аталган.

Бул капчыгайды ошол заманда Жел деп атаган. Гардизи бул сөздү «тар» деген сөз деп түшүндүргөн. Белек Солтоноевдин пикири боюнча Жел (орусча ветерок) деген сөздөн болушу мүмкүн. Капчыгайдан күн жүрүштө (чыгыштан батышты карай дегениби?) 72 километр жерде Яр деген калаа болуп, 3 миң аскерди камтыган. Бул жер жикилей уругунун борбору болуп, титулу Тексина аталган. Бул шаар Ысык-Көлдүн күн жүрүш четинде болгон. Себеби, көл жолдун сол жагында болучу. Белек Солтоноевдин пикири боюнча бул шаар Марбулактагы төрт көл. Шаардан ары 30 километр жерде Тоң шаары болгон. Азыркы Тоңдун суусундагы чалдыбар болушу керек. Тоңдон үч күндүк жерде Барскан шаары болгон. Бул шаардын эки арасында жикилейдин боз үйү көп болучу. Барскан демек, Барскоон суусунун атагы болсо керек: географ Кудаменин сөзүндө Барскан шаары төрт чоң, беш кичине, жалпы 9 кыштактан курулган бир чоң шаар болгон. Башчысынын титулу — Манаха.

Башка маалыматтарга караганда титулу Тибан Барскана аталган. Бул шаардын 6 миң аскерге күчү келген. X кылымдагы Перс географынын сөзү: Барскандагы Манахтын насили карлуктан болгон. Бирок, эли кийин Тогуз угузга өткөн. Күн чыгыш, Күн батыш Түркестандын арасында болгон соода тууралу борбор шаары болгондуктан, бул шаар өтө барктуу эле. Түрктөрдүн чежирелеринде түрктүн бир баласынын аты Барскан аталып, Барсканга Ферганадан, Өзгөн шаарынан жазы ашып, Арпа, Каракоюн, Атбашы, Нарындан түз жол келген. Каракоюндун куйганы Атбашынын дөбөсүндө Атбашы шаары турган. Азыркы Кошой Коргон чалдыбарынын орду. Азыркы турган Коргон бул айтылгандан бир топ кийин салынган. Атбашы шаары Ферганадан, Барскандан Күн Чыгыш Түркестандагы Тибет мамлекетинин четинен келген жолдордун түйүнү болуп, бул шаардан алты күндүк аралыктагы жерлери (кербен жүрүшү болсо керек) болгон. Атбашы менен Барскандын арасында бир дагы кыштак болбогон. Жети-Суунун күн жүрүшү Тогуз угуздун алдыңкы тармактарынан саналган Ягма элине тиешелүү имиш. Кашкар шаары дагы булардыкы делет. Карлук менен Кашкардын чек арасы Нарын эле.

Суябдан Барсканга дагы бир жол айланып келген Суяб шаары, Чүй суусунун түндүк жагында Невакеттен 18 километр жерде, тоонун этегинде, Түргөн жеринде турган. Азыркы Кара Булак, Согонду Шор Дөбөнүн бири. Улугу түрк кандарынын бир тууганынан болуп, титулу Ари титулунча «Ялан-Шах» (Бааурлар ханы) деп аталган. Мунун 20 миң аскери бар эле. Суяб жолунун боюнда Невакеттен алты километр жерде Пенжикет деген шаары болуп, ал өзүнө 8 миң аскерди камтыган. Суябдын жанында дагы үч кыштак болуп, үчөө ар башка улуттардан турган. Каштек ашуусунун тоосун кудайдын турган жайы деп, түрктөр аны азиз туткан. Ашуунун түндүк жагында Бекилик же болбосо Беклигин деген калаа болуп, башчысынын титулу «Янал-Темина» аталган. Аскерлери болжолдуу 3 миңден 7 миңге чейин.

Суябдан Барсканга кербен 15 күн жол жүргөн, Түрк почтосу үч күндө барган. Балким жол катташып, Алма-Атага барып, Иле Ала-Тоосунун түп жак этегин бойлоп жүрүп, Кызыл-Кыя, Сан-Таш, Караколго барса керек деп жоромолдонот. Арабдардын көрсөтүүсүн Суябдан чыгып, Ысык-Көлдүн түндүк жагын бойлой Караколго барган жолдун күнү артыкча кем, Ысык-Көлдүн түндүк жагындагы жээгинде, карлуктун четинде жилейге караган Сикул шаары турган. Балким Ысык-Көл чыгар.

Бүткүл түрк элинде мусулман маданиятынын таасири көбүнчө карлуктарда болгон. Кабарларга караганда карлуктун ханы Жабгу Магди халифанын 785-жылы ислам динине кирген деген сөздө шек бар. Бирок, кандай да болсо, X кылымда Таластан күн чыгыш жактагы шаарларда мечиттери бар эле. Маданият карлуктардын тиричилигине дагы таасир эткен. Карлуктардын ичинде көчмөн аңчылардан башка дыйкандар дагы болгон. Карлуктар башка түрк элинин, көбүнчө Тогуз Угуздун аламанына көбүрөөк кириптер болуп турган. X кылымда тогуз угуздар башка түрктөргө караганда, күчтүү, кубаттуу саналып, көбүнчө элинин дини маныхай болгон делет. Арасында христиан, будда, мусулмандары камтылган. Мурун карлуктар турган Барскан деген шаар X кылымда Тогуз Угузга өткөндүгүн жана да, Пенчул (жазууда жаки окууда шек болуу мүмкүн) аталат же азыркы Ак-Суу шаары жөнүндө болушу ыктымал. Бул шаар карлуктуң кол алдында болуп, анын улугу Тогуз Угузга табын болгон. Кийин бул шаарды кыргыз ээлеген. Ал заманда кыргыз Энисей дайрасынын башында турган. Кытай тарыхына караганда VIII кылымда Куча шаарынан араб соодагерлери кербен менен ар бир үч жылда кыргызга жибек алып барып турган.

Арабдар, карлуктар, тибеттиктер менен кыргыздар соода аркасында жакындашышкан. Мүмкүн булар Угуздарга каршы кыргыз, карлуктардын өнөктөшү болуп, өзүнүн азыркы турган жери Жети Сууга келген чыгар.

Эң соңунда карлук өкмөтүнүн борборунан саналган Чүй өзөнү душмандын колуна өткөн. Тогуз 940-жылдар чамасында XI жана XII кылымдарда оң роль ойногон бир түрдүү динсиз түрктөр Баласагун шаарын караткан. X кылымдагы географтарынан жалгыз Магдиси бул түрктөр жөнүндө кабар берет. Баласагындын калкы көп болуп, бай шаар болгон. Кээ бири Баласагынды Чүй өзөнүндө болгон десе да, анык кайсыл жерде болгондугунан кабары эмес. Бул Чүй өзөнүн караткат эл Караханиддер династиясы чыккан элге окшош. Карахиниддер X кылым Орто-Азиянын күн батыш жагынын жартысын өз кол алдына караткан.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2024-04-26, Көрүүлөр: 78, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-26, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу