Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Экономикалык терминдер

Экономика илиминин терминдерин ушул бөлүмгө жайгаштырабыз

Экспорт

Экспорт — башка өлкөлөргө товарларды же кызматтарды сатууну билдирген эл аралык соодадагы түшүнүк. Түшүнүк латындын exporto сөзүнөн келип чыгып, түз мааниде «порттон чыгаруу» дегенди билдирет.

Базар

Базар (перс тилинен بازار — bâzâr ← пехл. wāzār ← байыркы персче vāčar ← протоиндоиран. (англисче) wahā-čarana) — соода борборунун жалпы аталышы, көбүнчө минималдуу жабдылган же такыр жабдылбаган соода катарлар же ачык асманда соода кылуу жери, мында көптөгөн сатуучулар жана сатып алуучулар болуп, азык-түлүк жана башка товарлар көбүн эсе чекене сатылат.

Дивиденд

Дивиденд (латынча dividendum — бөлүштүрүүгө тийиштүү нерсе) — акциялар санына жана түрүнө (жөнөкөй, артыкчылыктанган, түптөөчүлүк жана башка), же ээлигинде турган үлүшүнө ылайык, акционерлер, катышуучулар табарынан бөлүштүрүлүүчү акционердик коомдун же башка чарбалык кылуучу субъектинин кирешесинин бөлүгү.

Бизнес

Бизнес (англисче business — иш, ишмердүүлүк) — систематикалык түрдө киреше табууга багытталган ишмердүүлүк.

Бюджет

Бюджет (эски нормандча bougette мааниси капчык, баштык, акчалуу кап) — белгилүү бир мезгилге чейинки, көп учурда бир жылдык финансылык план. Өзүнө пландаштырылган сатуулар жана түшкөн акча көлөмдөрүн, ресурстардын санын, чыгымдар жана чыгашаларды, активдерди, милдеттенмелерди жана акча агымдарын камтышы мүмкүн. Компаниялар, өкмөт, үй-бүлө жана башка уюмдар бюджетти өзүнүн стратегиялык пландарын же бирдиктер менен өлчөнө турган окуяларын билдирүү үчүн колдонушат.

Инфляция

Инфляция (латынча inflatio «көбүү») — товарлар жана кызматтарга болгон жалпы баалар деңгээлинин узак мөөнөткө көтөрүлүшү, жогорулашы. Инфляция болгондо бир суммадагы акчага канча бир убакыттан кийин мурдагыга караганда азыраак товар же кызмат сатып алууга туура келип калат. Мындай учурда өткөн убакка караганда акчанын сатып алуучулук мүмкүндүгү төмөндөп кетти, акчанын куну (баасы, баркы) түшүп кетти дешет, башкача айтканда өзүнүн реалдуу баасынын бир бөлүгүн жоготот.

Профицит

Профици́т — (латынча proficit «өсүү, чоңоюуу») — кайсы бир нерседеги ашыктык, көптүк.

Дефицит

Дефици́т же таңсыктык (латынча deficit «жетишпейт», deficio «кедейленүү») — жетишсиздик; кайсы бир нерсенин, кырдаалдын же учурдун жетишсиздиги же тартыштыгы.

Финансы деген эмне

Финансы (французча finances — акча каражаттары, акча) — акча каражаттарынын борборлоштурулган жана борборлоштурулган эмес фонддорун бөлүштүрүү жана колдонуу процессинин калыптануусунда пайда болгон экономикалык мамилелердин жыйындысы.

Экономика деген эмне

Бүгүн биз "экономика деген эмне" суроосуна жооп издегендерди бул макала менен таанышып коюууну сунуштайбыз. Экономиканын мааниси кандай, кандай түрлөрү болот жана ушу сыяктуу суроолорго жооп жазууга аракет кылалы.

Сайтка жарнама жайгаштыруу