Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2023-09-05 14:27:14 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.
Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-20 06:01:00Манас атанын жети осуяты — Дүйнөгө белгилүү «Манас» эпосунан алынган акыл-насааттар, идеялар. Манастын жети осуяты 1990-жылдын экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А. Акаев жактан иштелип чыгып, Кыргызстандын бүт аймактарына таралган. Ал гана эмес Акаевдин тушунда мамлекеттик идеология катары дагы саналчу.
Алар калктын атуулдук, улуттук ар-намысын ойготуу максатын көздөйт. Ал осуяттар төмөнкүлөр:
Төмөндөгү чечмелөө эч бир официалдуу документте же кайсы бир токтомдордо кабыл алынган эмес. Бул жеке биздин оюбуздан чыккан чечмелөө, ар адамдын ою башка эмеспи, ошол себептен, аз да болсо чечмелеп көрүүгө аракет жасадык.
Осуятагы «улуттук ар намыс, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу» деген сөздөрдөн тышкары ЖОЖдордо пайдаланылуучу «Мамлекет жана укук теориясы» (2007, жылын тактагыла) окуу китебинде кездештирүүгө болот. Китепте Манастын 7 осуяты, мамлекеттин ички жана тышкы функциясы деп көрсөтүлгөн.
Жети осуят Кыргыз элинин, ошондой эле Кыргызстандын толук кандуу идеологиясы боло албаса дагы, бүгүнкү күнгө чейин (2022) бул осуяттар мектептерде, ар бир дептер-күндөлүктөрдүн беттеринде, түрдүү иш-чараларда көрүүгө болот. Көптөгөн адамдар бул осуяттарды же кайсы бир бирөөсүн гана жеке девизи кылып жүргөн учурлар да жок эмес.
Манастын жети осуяты кыргыз адабиятынын мектеп программасына киргизилген. Жаш муундарга ошондой эле республиканын жарандарына турмуштук көрсөткүч-маяк катары таасирин тийгизүүдө десек да болот. Достор суроолор болсо жазып койгула, сөзсүз кошумчалап же жооп жазабыз.