Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бишкек шаары

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Бишкек шаары

Бишкек (мурда Пишпек, Фрунзе) — Кыргызстандын борбору, өлкөнүн ири шаары, республикалык маанидеги шаар, Чүй облусунун административдик борбору. Калкынын саны боюнча Кыргызстандын эң ири шаары – 1 098 600 адам (2022-жыл, 1-январь), өлкөнүн негизги транспорттук түйүнү, өнөр жай жана административдик борбору.

Мазмуну
Бишкек
Бишкек шаарынын желегиБишкек шаарынын герби
ӨлкөКыргызстан
ОблусЧүй
АбалыКыргызстандын борбор шаары
Ички бөлүштүрүү4 район (Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердловск)
Тарыхы
Негизделиши1825-жыл
Шаар статусун алышы29-апрель, 1878-жыл
Мурудагы аталыштарыПишпек (1926 чейин), Фрунзе (1926-1991)
География
Аянты169,9 км²
КлиматыКескин континенталдуу
Борборунун деңиз деңгээлинен бийиктиги750—900 м
Саат алкагыUTC+6:00
Калк
Калкынын саны1098600 адам (2022)
Калк жыштыгы6806 чел./км²
Агломерация1500000 ашык
Конфессиялармусулмандар, христиандар ж. б.
Жашоочуларынын аталышыБишкектик, Бишкектиктер
Башкалар
Стационардык телефон коду+996 312
Почта индекси720001
Автоунаа коду01, BB, E
Бишкек шаары Кыргызстандын картасында

Жалпы маалымат

Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек, бийик чокуларын кар баскан Кыргыз Ала-Тоосунун этегиндеги күнөстүү жерден орун алган. Шаар аркылуу Ала-арча, Аламүдүн суулары, Чоң чүй каналы агып өтөт. Бишкек абдан бак-дарактуу. Көчөлөрүнүн эки тарабында түрдүү дарактар — калың жалбырактуу эмен, сымбаттуу ак кайың, жыты аңкыган акация, назик мажүрүм тал жана башкалар өсөт. Анда кооз гүлзарлуу эс алуу парктары, бульварлар бар. Ботаника багы шаардын ичинен орун алып, андагы жер жүзүндө өскөн түркүн өсүмдүктөр көргөн адамды суктандырат. Шаардын аймагында адамдар байыркы замандарда эле жашаган.

Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы Бишкек (7-12-кылымдар) болгон. Кийин бул жерди Кокон хандыгы басып алып, Пишпек чебин курган. 1860-1862-жылдары орус аскерлери кыргыз кошуундары менен бирге чепти тартып алып, анын дубалдарын кыйратышкан. 1878-жылы ал Пишпек аталып, уезддин борбору болуп, Кыргызстанда европалык типте салынган биринчи шаарга айлана баштаган. Падышачылык мезгилинде Пишпек Россиянын эң артта калган чет-жакаларынын бири болгон. 1926-жылы жердешибиз Михаил Васильевич Фрунзенин урматына Пишпек шаары Фрунзе деп аталган.

Азыр ошол кезде М. В. Фрунзе жашаган үй, анын ысымы менен аталган музейде сакталып турат. Бишкек шаары республиканын илим, билим, саламаттыкты сактоо, маданият жана илим изилдөө мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борбор. Шаардын жогорку жана атайын окуу жайларынан миңдеген жаштар билим алышып, ар түрдүү кесиптин ээси болушат. Шаар Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон кийин кайрадан тарыхый атына ээ болуп, Бишкек шаары деп аталган. Бишкекте имараттар, аянттар, көптөгөн көркөм эстеликтер жана башка кооз жайлар бар. Совет бийлигин кыргыз жергесинде орнотууда жана коргоодо курман болгондорго шаардын борборунда эстелик орнотулган.

Ал эми Ата мекендик согуштун баатырларынын эстеликтери бүтүндөй Баатырлар аллеясын ээлейт. Борбор калаабыздын түштүгүндө курулган Манас айылы архитектуралык комплексинде улуттук майрамдар, маданий массалык иш-чаралар жана башка салтанаттар өтүп турат. Т. Садыковдун «Эркиндик» монументи жана «Эл куту» эстеликтери, Ата Түрк паркында Афган согушунда курман болгондорго, Мамлекеттик сүрөт өнөрү музейинин катарына А. Токомбаевге, Эркиндик бульварына Т. Үмөталиевге эстелик коюлган.

Республиканын заманбап маданий, саясий жана экономикалык борбору. Өзгөчө административдик бирдикти түзөт. Шаар Кыргыз Республикасынын түндүк-батышындагы Чүй өрөөнүндө, Казахстан чек арасынынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бишкек Кыргызстандагы туризмдин борбору болуп, көп учурда Ысык-Көлгө же Тянь-Шань тоолоруна аттанган туристтердин эс алуучу, токтоочу жайы.

Этимология

1878-жылы Кокон хандыгынын мурдагы Пишпек чебинин ордуна кыштак катары негизделип, 1926-жылы советтик партиялык жана аскер ишмери Михайл Фрунзенин атынан «Фрунзе» деп аты өзгөртүлгөн. Мурда кыргыз тилинде «ф» тыбышы болбогондуктан, жана сөз башында үнсүздөрдүн айкалышуусу туура эместигинен, ошол кездеги жергиликтүү калк «пурунзе» дешчү. СССР кулап, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин борбор калаанын атын өзгөртүү маселеси көтөрүлгөн. Мурдагы «Пишпек» аталышынын этимологиясы белгисиз болуп чыгып; бул аталышка жакыныраагы кыргыздын «бишкек» сөзү болгон. 1991-жылы Бишкек борбордун жаңы аталышы катары кабыл алынган.

Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында шаардын аталышынын кийинкидей этимологиялык негиздемеси келтирилген: көп сандаган душмандар кол салып кирип келишип, эки жолдун кесилишине чогула баштаганда, жергиликтүү жашоочулар тоого чыгып качууга аргасыз болгон. Бир баатырдын жубайы көчүп кетүүнүн алдында шашып кымыз сабагычты (Бишкекти) таппай, карбаластап аны издей баштайт. Ал аял боюнда болгондуктан жана коркуп-үркүп шашып жатканына байланыштуу кокустан төрөтү келип, ошол жерден эркек бала төрөйт. Баланын атын «Бишкек» коет. Кийин ал бала күчтүү жана кайраттуу жигит болуп чыгат (Бишкек баатыр). Жашоосунда далай эрдиктерди жана жакшылыктарды жасап, кийин Аламедин суусунун жанында каза тапканда сөөгүн ошол жердеги дөңсөөгө коюшат. Ошол жерде Бишкек күмбөзү тургузулган (заманбап чыгыш автовокзал менен Ысык-Көл кинотеатрынын арасында). Дал ушул күмбөздү XVII—XVIII кылымдын саякатчылары түрдүү баяндар менен айтып келишкен.

Ала-Тоо аянты
Ала-Тоо аянты

Географиясы

Бишкек шаары тоо этегиндеги түздүктө жайгашып, Кыргыз кыркасынын түндүк капталынын бийиктик аймагын ээлеп (түштүк микрорайондордун бийиктиги орточо 900 м), түндүгүндө бийиктиги орточо 700 м болгон бийиктикти камтыйт. Шаардын борбордук кеңдик бийиктиги болжолдуу 740—760 м ээ.

Бишкек Чүй өрөөнүнүн борборунда, Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде (ички Тянь-Шандын кыркаларынын бири), деңиз деңгээлинен 700—900 м бийиктикте орун алган. Чүй өрөөнүн түштүгүнөн курчаган Кыргыз кыркасы (кыр сызыгынын орточо бийиктиги — 3,7 км, эң бийик жери Аламедин чокусу — 4895 м) кеңдик кырка-тосмо болуп, аймактык климат бөлүүчүнүн ролун аткарат. Анын артында суугураак жана континенттик климатка ээ болгон ички Тянь-Шань жатат. Шаардын аянты 127 км² (2023).

Шаар аркылуу башаты түштүк тоолордон алган Ала-Арча жана Аламедин суулары өтөт, Бишкектин түндүк бөлүгү жагынан чыгыштан батышты карай Чоң Чүй Каналы агат.

Климат

Бишкек Чүй өрөөнүнүн борборунда, кыргыз Ала-Тоо кыркаларынын этегинде, деңиз деңгээлинен 760 метр бийиктикте жайгашкан. Бишкек мелүүн кеңдик климатынын континенталдык аймагында четки түштүк аймагын ээлейт.

Күндүн айлык тийишинин узактыгы июль айында болуп, 322 саатты түзөт, эң азы декабрь айында - 126 саат. Шаардын климаты кескин континенталдуу. Жылдык орточо температурасы +12,2 °С.

Эң муздак ай январь айы (орточо -4,7 градус), эң жылуусу июль айы (орточо +24,5 градус). Орточо айылык салыштырмалуу нымдуулук 44% июнь жана июль айларында, 74% март айында, орточо жылдык нымдуулук 60%. Шаар аркылуу Ала-Арча, Аламедин, Чоң Чүй Каналы аркылуу суулар өтөт.

Жаан-чачындын саны жылына 451 мм. Орточо 25 °C жайкы температурада жана −2 °C орточо кышкы температурада, жайындагы температурасы 40°C, ал эми кышкысы −30 °C жеткен учурлар сейрек эмес. Ошол эле убакта, температуралардын термелүүлөрү да катталат, мисалы, кышкы айларда 20,25 °C ашкан узакка созулаган температуралар болушу мүмкүн.

Бишкектин заманбап климаты

Бишкектин, Чүй өрөөнүнүн, ошондой эле Кыргыз кыркасынын түндүк бетининин аймагындагы климат ошол жердин кеңдиги жана бийиктиги, океандардан алыстыгы, жергиликтүү орографиялык шарттардын өзгөчөлүктөрү жана атмосфералык циркуляция менен аныкталат. Бул көрсөткүчтөр боюнча изилденүүчү аймак КМШнын түштүгүндө 43° жарыштаагы орто азиянын түштүгүндөгү кеңири алкак менен берилген жана Субтропикалык ички континенталдык климаттын чегинде турат.

Бишкек Жердин субтропикалык алкагынын түндүк чегинде, анын орто кеңдиги 45° түштүгүрөөк жакта орун алган. Чүй өрөөнүнүн жогорку температуралуу кургак жай мезгилинин климаты кургак субтропиктердин климатына окшош, ал эми кышкы шарттары мелүүн кеңдиктердин түштүк аймагынын климатына туура келет.

Күндүн жалпы жылдык тийиши — 2584 саат. Күндүн айлык тийишинин узактыгы июль айында эң көп — 337 саат, эң азы декабрда — 126 саат.

Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүндөгү климаттын калыптануусунун радиациялык факторлору жылдын жай мезгилинде чукул көптүк кылган таасирге ээ, мында күндүзгү абанын катуу ысышынан Орто Азияда булуту аз, ысык аба ырайылуу, аз градиенттүү төмөн басымдуу талаа калыптанат. Натыйжада, Чүй өрөөнүнүн ойдуңдарында жана Бишкек шаарында климат кургак субтропик климатына туура келет. Кышында, күн радиациясынын азаюуусуна, күндүн кыска болушуна, ошондой эле, муздак абанын батыштан, түндүк-батышан жана түндүктөн кирип келип, интенсивдүү циклон ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүнө байланыштуу климат калыптандыруучу циркуляциялык факторлор басымдуулук кыла баштайт. Натыйжада, Чүй өрөөнүнүн ойдуңдарында жана Бишкек шаарындагы климат мелүүн кеңдиктин түштүк аймагынын муздагыраак климатына ылайык болот.

Административдик бөлүнүшү

Бишкек административдик жактан 4 районго бөлүнгөн. Райондор боюнча калктын саны (2009):

Шаардын аянты 127 км², ал эми шаарга караган калк жайгашкан жерлер менен кошо — 160 км².

Райондордун башчылары райондун муниципалдык администрациялардын башчылары саналат, буларды шаардын мэри дайындайт.

Калк

Шаар татаал жана ар тараптуу демографиялык процесстер менен айырмаланат. Тарыхый жактан ири шаар калкы Кыргызстандын жана Чүй өрөөнүнүн Россия империясынын курамына киргенде XIX кылымдын акыркы 25 жылдыгында пайда болгон. Ошого карабастан Улуу Ата Мекендик согуштун башталышына чейин шаар көбүнчө орус жана украин элдеринен турган казак станицасын элестеткен агрардык кыштак болгон. Совет бийлигинин жылдарында, өзгөчө бир нече жашоочуларды жана өндүрүштү фронттон тылга эвакуациялаганда шаар дүркүрөп өсүүнү башынан өткөрдү, муну Кыргызстандын көз каранды эмес жылдарына теңесе дагы болот. Ошондой болсо да, шаардагы калк саны жылдар боюнча өтө айырмаланып турган:

1897-жылдан 2021-жылга чейинки калктын тандалма жылдар статистикасы
ЖылыСаны
18976615
193992783
1959223831
1970430618
1979532931
1989610630
1999750327
2009821915
2015937400
2017965900
20211074075

Улуттук курам

Шаардын улуттук курамы дагы деле ар түрдүү мүнөзгө ээ, бирок кыргыздардын абсолюттук көбөйүүсү жана орус калкынын азаюуу тенденциясы көрүнүп эле турат. 1970-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча шаардын калкы 431 миң адамды түзгөн, анын ичинен: Шаарда 7 түрк элдеринин өкүлдөрү жашаганы көрүнүктүү алар: кыргыздар, казактар, татарлар, өзбектер, уйгурлар, түрктөр жана азербайжандар.

1989—2009-жылдардагы жана 2019-жылдагы эл каттоо боюнча калктын этникалык курамы:
1989-жылдагы саны % 1999-жылдагы саны % 2009-жылдагы саны % 2019-жылдагы саны %
бардыгы 619903 100,00% 762308 100,00% 835743 100,00% 1027245 100,00%
Кыргыздар 141841 22,88% 398000 52,21% 552957 66,16% 763826 74,36%
Орустар 345387 55,72% 252831 33,17% 192080 22,98% 165029 16,07%
Уйгурлар 10977 1,77% 13143 1,72% 13380 1,60% 15983 1,56%
Өзбектер 10390 1,68% 12393 1,63% 11801 1,41% 13990 1,36%
Корейлер 10043 1,62% 12710 1,67% 12014 1,44% 12423 1,21%
Татарлар 16984 2,74% 15817 2,07% 12712 1,52% 11775 1,15%
Казактар 8943 1,44% 12064 1,58% 9013 1,08% 10301 1,00%
Дуңгандан 2618 0,42% 3558 0,47% 4040 0,48% 5305 0,52%
Украиндер 34321 5,54% 16125 2,12% 7987 0,96% 4630 0,45%
Түрктөр 908 0,15% 2277 0,30% 3149 0,38% 3746 0,36%
Азербайжандар 2166 0,35% 2454 0,32% 2142 0,26% 2722 0,26%
Немистер 13619 2,20% 5228 0,69% 2554 0,31% 2416 0,24%
Тажиктер 709 0,11% 1828 0,24% 817 0,10% 1055 0,10%
Түркмөндөр 369 0,06% 132 0,02% 703 0,08% 784 0,08%
Армяндар 1218 0,20% 726 0,10% 512 0,06% 486 0,05%
Белорустар 4119 0,66% 1341 0,18% 638 0,08% 393 0,04%
Еврейлер 4822 0,78% 1293 0,17% 498 0,06% 379 0,04%
башкалар 10469 1,69% 10388 1,36% 8746 1,05% 12002 1,17%

Тарыхы

Бишкек шаары XII кылымдан тартып эле «Джул» шаарчасы (Усталар сепили) деп таанымал болгон. 1825-жылы кокон хандыгы тарабынан Пишпек чеби негизделген, ал жерде Чүй өрөөнүнүн ири горнизону батып кетчү.

Заманбап шаардын аймагындагы антика жана орто кылымдымдагы отурукташуу

Заманбап бишкектин аймагындагы алгачкы адамдардын туруктары биздин заманга чейинки V—IV миң жылдык менен даталанат. Өзүнүн географиялык жайгашуусуна Улуу Жибек Жолунун салымы бар. Жибек жолдун чыгыш бутагы Чүй өрөөнү аркылуу өтүп, ушул эле жерде Борбордук Тянь-Шань аркылуу өтүүчү башка бутагы менен кездешкен. Заманбап Бишкектин ордунда VII—XII Джул шаарчасы жайгашкан.

Пишпек

1825-жылы азыркы Бишкек шаарынын аймагында Мадали хандын буйругу менен Пишпек Кокон чеби негизделген, мында Чүй өрөөнүндөгү ири гарнизон жайгашкан. Чеп көчмөндөрдүн (кышкы жайыттан жайкы жайытка кеткен) жана Ысык-Көл менен Жети-Сууга кеткен жолдорунун борборунда орун алган.

Чеп эки жолу (1860-жылдын 4-сентябрында жана 1862-жылдын 24-октябрында) орус аскерлери тарабынан алынган. 1862-жылдын ноябрь айында чеп кыргыздын солто уруусу тарабынан талкаланып, эки жылдан кийин ал жакта казак отряды (пикети) орнотулган, андан кийин ал жакта базар уюшула баштаган.

1868-жылы орустардын (Пенза, Самара, Воронеж жана Тамбов губернияларынан келген) биринчи крестьян үй-бүлөлөр даңгыр жолду бойлой отурукташып Пишпек кыштагы уюшулган. Буларга Ташкенттен, Намангандан жана башка заманбап Өзбекстандын аймагынан келген соодагер өзбектер кошулушкан. 1876-жылга карата Пишпекте 58 үй-бүлө жашаган: Бардыгы 182 адам, алардын ичинде 94 аялдар (орус үй-бүлөлөр — 9, өзбек — 48, татар — 1).

1878-жылдын 29-апрелинде Пишпекке Пишпек уездин которууга байланыштуу ошол кездеги кыштак, шаар макамын алган, дал ушул дата шаардын түптөлгөн күнү катары белгиленет.

1924-жылдын 24-апрелинде шаарга чехословакиялык «Интергельпо» кооперативи келип, ошол жылдардын бааланышы боюнча Пишпек заманбап европалык шаарга айланган.

1924-жылдын октябрынан тарта шаар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун административдик борбору болгон. 1925-жылдын май айынан — Кыргыз автономиялуу облусунун административдик борбору.

Фрунзе

Пишпек 1926-жылдын 12-майында советтик аскер башчы Михаил Фрунзенин урматына Фрунзе деп өзгөртүлгөн. 1936-жылдан тарта Фрунзе — Кыргыз ССРинин борбору.

1938-жылы Фрунзе шаарында үч административдик район түзүлгөн: Пролетар (азыркы Ленин), Биринчи Май жана Свердловск райондору. 1962-жылы Пролетар району Ленин районуна айландырылган. 1974-жылы Октябрь району түзүлгөн.

Бишкек

1991-жылдын 5-февралында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин чечими менен шаардын аты «Бишкек» болуп өзгөртүлгөн.

Кээ бир айтымдарга караганда учурдагы шаардын аты, шаар ордунда базарды ачкан Бишкек баатырдын атынан коюлган дешет, экичи версиясы болсо бул — мурдагы Пишпек шаарына окшоштуруп коюлган делет, үчүнчү версиясында кымызды сабоочу Бишкек аспабынан келген имиш.

Сыйлыктар

Экономика

Бишкек — Кыргызстандын экономикалык борбору. 2011-жылы шаарда 28108,4 млн сомдук өнөр жай өндүрүмү өндүрүлүп, экономикалык өсүш 17,2%ды түзгөн. Республика боюнча көрсөтүлгөн кызматтардын жалпы көлөмүнүн 58,7% Бишкек шаарынын үлүшүнө туура келет (2020). 2011-жылдын январь-ноябрь айларынын арасындагы орточо айлык маянасы 12035 сомду түзүп, республикалык деңгээлден 1,4 эсеге жогору. Бишкек шаары калган аймактарга негизги чоң донор деп айтууга дагы болот. Борбор шаарда «Бишкек» эркин экономикалык аймагы бар.

Өнөр-жай

Шаарда өнөр-жай өндүрүшүнүн бардык тармактары берилген. Алардын ичинен негизгилери: машина куруу жана металл иштетүү, жеңил жана тамак-аш өнөр-жайы, энергетика. Бишкектин ири өнөр-жай ишканаларына төмөнкүлөр кирет: Бишкек ЖЭБи, «Дастан» корпорациясы, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс», «Бишкек-Дан-Азык»; акционердик коомдор: «Бишкексүт», «Кыргызавтомаш» Бишкек машина куруучу заводу, «Бишкек» темир-бетон заводу, «Булгары», «Жылдыз», «Байпак» ишкана-бирикмелери жана башкалар.

Өнөр-жай ишканалары көбүнчө Бишкектин батышында жана чыгышында жайгашкан. Алардын ичинде: «Акун» ун тартуу комбинаты, «Кыргызмебель» АК, улуттук суусундуктарды чыгаруучу «Шоро» компаниясы, «Түндүк электр» ААК, ЖЭБ.

Соода

Бишкек шаары Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия өлкөлөрүнүн ортосундагы түйүн болуп, аймактык сооданын борбору саналат. Борбордук Азияда эң ири деп саналган Бишкекте «Дордой» дүң-соода базары, ири автоунаа базары «Азамат», ошондой эле, бир катар башка базарлар бар: Ош базары, Аламүдүн базары, Орто-Сай базары, Ала-Арча-2 базары, Нарбото, Кудайберген ж. б. Ири соода борборлору да аз эмес: «Vefa», «Bishkek Park», «Dordoi Plaza», «Таш-Рабат», «Айчүрөк» борбордук универсалдык дүкөнү, «Весна» соода-административдик борбору (мурдагы «Рахат Палас» соода жана көңүл ачуучу борбор), «Караван», «Asia Mall», «Детский Мир», «Табылга», «МОТО», «БЕТА СТОРЕС», «БЕТА СТОРЕС 2», «Tommi» соода жана көңүл ачуучу борбору.

Шаарда бир катар ири эл аралык фирмалардын өкүлчүлүктөрү бар, мисалы: Mercedes-Benz, Audi-VW, Sumitomo, Federal Express, DHL, UPS, LG-Electronics, Daewoo, Philips, Siemens, Panasonic, Reemtsma, Coca-Cola, Samsung, Toyota, Kia ж. б.

Финансы

Бишкекте Кыргызстан банктарынын башкы кеңселери жайгашкан: «РСК Банк», «Айыл Банк», «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк», «Демир Банк», «OptimaBank», «BakaiBank», «Дос-КредоБанк», «ФинансКредитБанк», «Финка Банк», «Байтүшүм Банк», «Компаньон Банк», «Керемет Банк» ж. б.

Мейманканалар

Бишкектеги ири мейманканалар: «Жаннат», «Хаятт», «Ак-Кеме», «Достук», «Дамас», «Саякат», «Ысык-Көл», «Семетей», «Бишкек», «Ала-Тоо», «Эльдорадо» ж. б.

Интернет жана уюлдук байланыш

Шаарда интернет жана уюлдук байланыштын колдонуучуларынын ири массасы топтолгон. Интернет зымдуу, зымсыз (радио жыштык) жана оптикалык линиялар аркылуу берилет. 10дон ашык интернет провайдерлер бар, ирилери: Кыргызтелеком, АзияИнфо, Jet, ЭлКат, Megaline, FastNet, Акнет, Saima Telecom, Homeline, Transfer. Интернет менен камтуу аймагы шаардын дээрлик 90% түзөт.

Мобилдик байланыш үч ири байланыш операторлору менен берилет: «O!», «Mega» (мурдагы MegaCom), «Beeline».

Транспорт

Шаардык транспорт катары тролейбустар, автобустар, маршуттук таксилер, темир жол, авиа каттамдар жана жөнөкөй таксилер бар. Бишкектин автобустук паркы өз убагында абдан чачылып, катарында бир нече гана унаалары бар эле. Шаар ичинде негизги жол жүрүү каражаты катары маршруттук таксилер (минивэндер, кичи бустар, жеңил унаалар) колдонулат. Шаар арасында автобустук жүрүүлөр бар, бирок көбүнчөсүн учурда кичи-бустар, таксилер ээлеп калышты. Алар борбордон Таласка, Нарынга, Ошко, Жалал-Абадга, Ысык-көлгө катташат. Ар бир жүргүнчү жүрүү төлөмүн бир орундук эсебинен төлөйт.

Темир жол

Темир жол транспорту анча чоң эмес бөлүктөр менен берилген — Луговая станциясы — Балыкчы шаары. Кытайга темир жол куруу пландары жарыяланган. Мурда Кыргызстандын Жалал-Абад шаарына Өзбекстан аймагы менен өтүүчү темир жол бар болчу. Бирок СССРдин кулашы менен жана Өзбекстандын виза режиминин жарыялоосу менен темир жол жүрүшү токтогон.

Шаарда үч темир жол станциясы иштейт: Бишкек-1, Бишкек-2 жана Аламедин. Жүргүнчүлөр жана жүктөрдүн негизги агымы Россия жана Казакстандын шаарларына багытталып, Казакстан мамлекетинин аймагы аркылуу өтөт. Ошондой эле жергиликтүү шаар аралык жана шаар четиндеги поезддер бар.

Электр жолдор

1951-жылдын 13-январында Бишкек шаарында алгачкы троллейбус каттамдары ачылган. Троллейбустардын паркы күндөн-күнгө көбөйүп, бүгүнкү күндө (2023) алардын саны эки жүздөн ашык.

Автомобиль

Коомдук транспорттун негизги түрү автомобиль траспорту саналат: автобустар, маршруттук таксилер, кадимки таксилер.

Негизги авто унаа жолдору:

2000-жылдан 2011-жылга чейин унаалардын саны 3 эсеге өскөн. Жүк ташуучу унаалардын саны 2000-жылы 9 миңден 2011-жылы 8,7 миңге чейин анча-мынча кыскарган. Борбор калаада катталган автобустардын саны эки эсеге көбөйгөн.

Учурда (качан?) 160106 траспорт каттоодо турат. Анын ичинен 145957 автоунаа жеке адамдарга, 14139 — юридикалык жактарга таандык. 2010-жылы Бишкек шаарында 141433 транспорт бирдиги катталган. Анын ичинен 127168 автомашина жеке жактарга, 14265 — юридикалык жактарга тиешелүү болгон. Жолдордун узундугу 1,2 миң кмден ашык.

Шаар аралык байланыш

Бишкектен Ысык-Көл багытында, өзгөчө эс алуу мезгилинде автобустардын, микроавтобустардын жана таксилердин кыйла агымы жүрөт. Бишкектен Ысык-Көлгө, тагыраак айтканда Балыкчы шаарына чейин поезд менен дагы барууга болот, андан ары авто унаа менен Ысык-Көлдүн эс алуу борбору Чолпон-Ата шаарына жетүүгө мүмкүн, мында түрдүү эс алуу жайлар, пансионаттар көп, ошондой эле, Ысык-Көл облусунун административдик борбору Каракол (көлдүн чыгыш жээгинен 10—12 км) шаарына жетүүгө болот.

Шаар аралык жеке таксилер республика боюнча жол жүрүүнүн көп кездешкен түрү: Бишкектен башка облустардын борборлору саналган Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол шаарларына жана башка багыттарда. Шаарда эки автовокзал иштейт: Батыш (жаңысы) жана Чыгыш (эскиси).

Баткен жана Талас облусуна болгон жол коңшу өлкөлөрдүн чек арасы аркылуу өтүшү мүмкүн; ички жолдор бар бирок, алардан өтүү же аба ырайына байланыштуу мүмкүн эмес же узак жана бийик тоолуу ашуулардан өтүүгө зарыл, буга ылайык акысы дагы көбүрөөк болушу мүмкүн.

Аэропорт

Бишкектин административдик аймагында, тагыраак айтканда шаар четинен 23 км аралыкта эл аралык «Манас» аэропорту жайгашкан. Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ЭЖАУ) классификациясы боюнча «Манас» аэропорту 4Е классына кирет. Аэропорттун 4,2 км болгон учуп-конуу жолу бардык түрдөгү учактарды кабыл алууга мүмкүндүгү бар, анын ичинде татаал метео шарттарда дагы. Перрондун жалпы аянты — 242 миң м². Аэропортто 38 учак токтотуучу жай жана эки телескоптук трап бар. Жаңы терминал курулган.

Илим жана билим

Бишкек Кыргызстандын ири илим-билим борбору саналат. 1925-жылы эң эски жана белгилүү болгон Кыргыз улуттук университетинин уюшулганынан тарта шаарда көп сандаган агартуу мекемелери топтолгон. 2018-жылдын маалыматы боюнча Бишкекте 45 жогорку окуу жай болгон, алардын ичине 22си мамлекеттик жана 23ү мамлекеттик эмес.

Окуу жайлар:

Илимий уюмдар:

Ири китепканалар:

Андан тышкары, 1979-жылдан тарта Бишкек шаарында Республикалык Илимдер Академиясынын илимий станнциясы жайгашып, мында геофизикалык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Маданият

Театрлар

Музейлер

Кинотеатрлар

«Кыргызфильм» киностудиясы дагы борбор калаада жайгашкан. Ошондой эле:

Шаардык символдор

Пишпек шаарынын советтик герби 1908-жылдын 19-мартында бекитилген — «көгүлтүр калканда күмүш алкак жайгашып, анда үч көгүлтүр соконун тиши катар коюлган. Алкактын үстүндө жана астында бирден алтын аары орун алган. Калкандын эркин бөлүгүндө (өйдөңкү сол жак бурчу) Жети-Суу облусунун герби бар. Калкан үч тиштүү күмүш мунаралык таажы менен көркөмдөлүп, капталдарында эки алтын машак менен курчалып, ал машактар Александрлык боо менен кошулган» (Россия империясынын мыйзамдарынын толук жыйнагы № 30174).

1908-жылкы герб
1908-жылкы герб

Фрунзе шаарынын герби болсо 1978-жылдын 22-сентябрында шаардык кеңештин эл депутаттары тарабынан бекитилген. «Фрунзегорпроект» кызматкерлери Г. Мулявин жана А. Согоновдор тарабынан түзүлгөн гербдин сүрөтү шаардын 100 жылдыгына арналган сынакта жеңип чыккан. Түстөр — ак, кызыл, ультрамарин, жашыл, коло. 1978-жылдан 1994-жылга чейин колдонулган. 1991-жылы шаардын аталышы өзгөртүлгөндөн кийин эмблемадагы «Фрунзе» сөзү «Бишкек» деп алмаштырылган. (төмөндөгү сүрөттөрү берилген)

1978—1991-жылдардагы герб
1978—1991-жылдардагы герб
1991—1994-жылдардагы герб
1991—1994-жылдардагы герб
1994-жылкы герб
1994-жылкы герб
Бишкек шаарынын герби
Учурдагы герб

Бишкек шаарынын заманбап эмблемасын түзүү демилгеси шаардын мурдагы мэри Феликс Куловго таандык. Буга ылайык М. Асаналиев менен философия илимдеринин кандидаты С. Иптаровдун график менен сунуштаган варианты тандалган. Ошентип, 1994-жылдын 14-январында кабыл алынган.

Герб тик бурчтуу чепти элестетип, ылдый жагында тоолордун асты сызык менен бөлүнүп анын алдында «Бишкек» сөзү түшүрүлгөн. Мунун үстүндө чептин дубалында ак төрт бурчтук ромб түрүндө жайгаштырылып, ичинде ак илбирстин элеси көк айлананын ичинде орун алган.

Дин

Ислам

Негизги макала: Ислам

Бишкек шаарында 50 мечит бар. 10дон ашык исламдык диний фонддор жана жамааттар иш алып барат, бир Ислам университети бар. Бишкек шаарынын мусулман жамаатынын көбүн тейлеген мечиттер: Борбордук мечит, Дунган мечити, Турция жана Иорданиянын каражатына курулган 20 миң орундук жаңы борбордук мечит.

Христианчылык

Орус православ чиркөөсү 4 храмга ээ. Шаарда орус православдык эски ырым-жырымдык чиркөө жамааты, христиан-поморлор байыркы православдар жамааты (эски ишенүүчү-поморлор) бар. Католик жана протестант маанисиндеги чиркөөлөр дагы бар.

Ажайып жерлер

Борбор шаардын башкы жана негизги эс алуучу, сейилдөөчү жери катары Борбордук аянт саналат. Бул жерде көптөгөн музейлер, галереялар, дүкөндөр, парктар, гүлбактар, аянтчалар, ресторан-кафелер жайгашкан. Айтмакчы, Бишкек шаары — Лениндин эстелиги бар Орто Азиядагы жападан жалгыз шаар. Азыр ал эстелик борбордук аянтта эмес, анын артында жайгашкан. Бирок, ошондой болсо дагы бул — Орто Азия аймактарындагы шаарлардан өтө айырмалап турат.

Шаарда 20дай улуттук парктар, 4 жасалма көлмө, 10 чакты бассейндер, 10 театр, 5 ачык асмандагы мемориалдык музейлер, 8 музей, китепканалар, маданият үйлөрү жана башка маданий жана эс алуу мекемелери жана жерлери бар.

Мындай объектилердин бири катары эмен паркы эсептелинет, ал жерде жайкысын, жыш жалбырактар астында дайыма салкындык сакталып, бак-дарактар арасында тыйын-чычкандар оюн салышат. Эмен паркы кандайдыр бир ачык асман алдындагы скульптуралар музейи сыяктуу. Таштан, металлдан жана жыгачтан жасалган скульптуралар бул жерде жалгыздан жана тобу менен парктын аллеяларында, кичинекей жолчолорунда, кээ бирлери жөн гана бак-дарактар арасында жайгашкан. Эмен паркына аталган «Бишкек вернисажы» — Эркиндик галереясы туташ жайгашкан, ал жерден аймактык усталардын жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышса болот.

Галерея артынан Ала-Тоо аянты ачылат. Аянт өзүнө зор туристтик потенциалды камтыйт — бул жерде ак мрамордуу өкмөт үйү жайгашкан. Аянтты фонтандар, гүлдөр көрккө бөлөп турат, ушул эле жерде чоң сахна орун алган, сахнада массалык иш-чаралар, концерттер өткөрүлөт. Мында элдин калың катмары маараке-майрамдарда чогулат. Ошондой эле аянтта аскер параддары дагы болот.

Шаардын кооз жерлерине искусство музейи дагы кирет, ал жерде кыргыз элинин искусствосунун, ошондой эле орус жана совет элдеринин заманбап искусствосунун экспонаттары жайгаштырылган. Кээ бир сүрөттөр жана экспонаттар кыргыз жана европа техникасынын образдарын кошууга аракет кылат. Кошумча бул жерде кыргыздын улуттук туш кийиз, шырдак жана башка кол өнөрчүлүк экзепплярлары бар.

Бишкек филармониясында классикалык жана заманбап батыш музыкасынын концерттери өткөрүлөт. Филармония эки залдан турат, чоң залында ар кандай концерттерди өткөрүү үчүн колдонулат.

Туристтерге борбордун дүкөндөрү ар кандай сувенирлерди, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын тартуулай алышат.

Ошондой эле Бишкек шаарында туристтер боз үйлөрдө эс алып, көчмөн кыргыз элинин прикладдык исскусствосу менен таанышып, улуттук салттарды таанып билип, кыргыздын тамак-аштарынан даам сызып эле тынбастан, бүтүн республика боюнча өтүүчү туристтик маршруттардан маалымат ала алышат. Башка Орто Азия өлкөлөрүнүн шаарларындай эле Бишкекте бирден бир кызыктуу жерлердин бири чыгыш базары, ал жакта мезгилдин каалаган убагында ар кандай мөмө-жемиштер, жер-жемиштер кенен. Албетте мечиттер, православдык соборлор дагы бар, алардын кооздугу да ажайып бир көрктү берет. Төмөндө Бишкектин көптөгөн кооз, көркөм, көңүл ачуучу жерлеринин айымдары келтирилет:

Аянттар

Бульварлар

Парктар жана бакчалар

Эстеликтер

Шаарда тарыхый ишмерлердин урматына көптөгөн эстеликтер орнотулган. Мисалы, Манас, Кожомкул, Ч. Айтматов, Эркиндик эстегили, Курманжан Датка, В. И. Ленин, Эл достугу стелласы, МиГ-21 учагы, Баткен ардагерлерине арналган эстелик, Кубанычбек Маликов, Талгат Бегелдинов, Сүймөнкул Чокморов, Калык Акиев, Ататүрк Мустафа Кемел, Мухтар Ауэзов, Чолпонбек Базарбаев, Жусуп Баласагын, Бүбүсара Бейшеналиева, Жоомарт Бөкөнбаев, Чокон Валиханов, Ооган согушунун ардагерлерине, Тоголок Молдо, Аалы Токомбаев, Токтогул Сатылганов, Таттыбүбү Турсунбаева жана башка көптөгөн кыргыздын белгилүү адамдардына арналган эстеликтерди көрүүгө болот.

Спорт

Бишкектин флагманы катары «Дордой» футбол клубу саналат — борбор калаанын жана өлкөнүн титулдуу клубдарынын бири: Кыргызстандын 11 жолку чемпиону, Кыргызстан кубогунун 10 жолку ээси, Президенттик Азия Футбол Конфедерация кубогунун 2 жолку жеңүүчүсү, Кыргызстандын Суперкубогунун 4 жолку ээси.

Бишкекте ар кандай жекеме-жеке спорт түрлөрү көп, мисалы: бокс, самбо, күрөш, карате ж. б.

Борбор калаадагы маанилүү спорттук жайлар:

Спартак стадионунун көрүнүшү

Архитектура

Революцияга чейинки архитектура

Пишпектин проектик жайгашуу планы 1878-жылдын 31-августунда бекитилген. Көчө торчосу шахматтык иретте бөлүнүп, арыктар тармагы жана көчөлөрдүн табигый ветиляциясына жагымдуу болгон. Шаардагы үйлөрдүн бөлүгү жыгачтан жасалып, көпчүлүк бөлүгү самандан болгон. Жарым чөл абалына карабастан шаардыктар бакчаларды өстүрө баштаган. 20-кылымдын башында Пишпекте ташы жок 40 көчө жана 6 аянт болгон.

Совет мезгили

Кыргызстандагы куруучулуктун биринчи баскычы 1920-жылдары келген конструктивизм идеялары менен байланыштуу болгон. Ал кезде жергиликтүү өзгөчөлүктөр эске алынчу эмес. 1930-жылдардын аягында Бишкекке ошол кездеги профессионал деп саналган архитекторлор келишкен. Согуш жылдарында эвакуацияланган ишканалар жайгашып, жаңылары курулган. Согуштан кийинки жылдарда куруучулук катуу өнүгүп, типтүү проекттер сериялары пайда болуп, чогултулма конструкциялар киргизилет. Декоративизм жана помпездүүлүк басымдуулук кылган. 1950-жылдардын экинчи жарымынан баштап типтүү долбоорлор боюнча массалык курулуш иштери жүргүзүлө баштайт. 1970-жылы шаардын жаңы генералдык планы бекитилген.

Ошол мезгилдеги архитектуранын үлгүлөрү кийинкидей имараттар менен берилген:

Заманбап мезгил

Шаар ортогоналдык план боюнча курулуп, анын тоо абасы менен желдетилишине өбөлгө түзөт. Бишкек шаарында — 938 көчө бар (2023). Шаардын негизги көчөлөрү: Манас проспектиси, Чүй проспектиси — Дэн Сяопин көч, Абдрахманов, Алма-Ата, Правда, Жибек Жолу, Байтик Батыр, Москва көчөлөрү. Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында көптөгөн балдар аянтчалары, жайкы кафелер жайгашкан. Турак жай аймактары түштүктө жайгашкан: 3-микрорайондон 12-кичи районго чейин, Асанбай району; чыгышта: «Аламүдүн 1», «Восток 5»; түштүк-чыгышта: «Көк-Жар», «Улан»; борбордук бөлүгүндө — «Түштүк 2». Ошондой эле, жаңы кичи райондор жана өзүнчө көп кабаттуу турак-жайлар, соода борборлор активдүү курулууда (2023).

Искусстводо

Бишкек шаарына төмөнкүлөр арналган:

Жайгаштыруу: 2017-12-20, Көрүүлөр: 61369, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу