Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бор жер семирткич

Баш барак | Органикалык химия | Бор жер семирткич

Бор жер семирткич — курамында бор (В) микроэлементи бар химиялык бирикмелер. Топурактын түрүнө жараша 1 килограмм топурактын составында 1,5-150 миллиграмм бор болот.

Бор жер семирткичтери өзүнчө же башка минерал жер семирткичтер менен бирге өсүмдүк өнүп чыкканда же себүү алдында (1 центнер үрөнгө 300-500 грамм) үрөн менен кошо чачылат. Бор жер семирткичтерине бир нече жер семирткич кирет.

Борнодатолит жер семирткичи — 2-2,5% бору бар бозомтук күкүм. Гектарына 60 килограммдан колдонулат. Бор-магний жер семирткичи (бормагний-сульфат) — боз күкүм, курамында 13% бор кислотасы (2,27% бор) жана 14% магний кычкылы болот. Магнийи аз жеңил топуракта колдонулат. Бор суперфосфаты — фосфорлуу жана 0,5 пайызга жакын бор бар жер семирткич. Чачуу өлчөмү фосфорго карата эсептелет.

Бура-ак кристалл түрүндөгү күкүм, 11% бору бар, сууда жакшы эрийт, себүү алдында үрөнгө чачылат (1 центнер үрөнгө 0,05- 1% дуу 6-8 литр). Бор кычкылы — 17% бору бар ак кристалл. Негизинен себүү алдында үрөнгө чачылат. Бор жер семирткичтерин өсүмдүктүн физиологиялык өзгөчөлүгүн жана бордун топурактагы өлчөмүн эске алуу менен чачуу керек.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-11-19, Көрүүлөр: 301, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу