Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Февраль

Баш барак | Күндөр | Февраль

Февраль (латынча Februārius mēnsis – Фебруус айы, тазалоочу ай; латындын Februa сөзүнөн – тазалануу майрамы) — Юлиан жана Григориан календары боюнча экинчи ай, кыш мезгилинин үчүнчү айы, Цезардын март реформасына чейин башталган эски Рим жылынын он экинчи айы. Жылдын эң кыска жана күндөрүнүн саны боюнча 30дан кем болгон жалгыз ай: кадимки жылдары 28 күн, толук жылы 29 күн.

Кыргызча жылнаама (календарь) боюнча бирдин айы. Жердин Түндүк жарым шарында кыштын үчүнчү айы, Түштүк жарым шарда — жайдын үчүнчү айы.

Заманбап доордо григориан жылнаамасы боюнча 16-февралга чейин Күн Текечер топ жылдызында турат, 16-февралдан тарта — Суу пери топ жылдызында.

Февраль айы табиятта

Статистика жана баяндама

Кыргызстандагы февралдын орточо температурасы -3 градус, термелүүлөр -15 градустан +10 градуска чейин.

Бишкек шаарынын орточо температурасы -3төн -19 градуска чейин, термелүүлөр +11 чейин.

Январь айы менен салыштырмалуу күндүн тийүүсүнүн жалпы узактыгы болжолдуу 28 саатка саатка өсүп, орточо 60 сааты түзөт.

Февраль аягына жакын кара каргалар уясын кура баштайт. Сары айгыр жана сары барпылар биринчи үн катат. Үрпөк чымчыктар жазга карай учуп келет. Аюунун ченинде аю балдары туулат. Кыш мезгили мурдагыдай суук болбой, муздак аба ырайынын күчү кадимкидей тартылып калат. Күндүзү карлар жана муздар эрип, көчөлөрдө топуракка аралашкан суунун чалчыктары байкалат. Короо-жайда койлордун төлдөө айынын бири.

Кадимки жылдарда 28 күнгө гана ээ болуп, бир дагы асмандагы толгон Айсыз өтүшү мүмкүн болгон жалгыз кыш мезгилинин айы. Андан тышкары, февраль айында 6 жылда бир жолу жана ар бир 11 жылда жети күндүк төрт толук жумага (аптага) ээ болот.

Төрт жылда бир февраль 29 күн болот. Эгер төртүнчү жыл 100гө калдыксыз бөлүнүп, бирок 400гө калдысыз бөлүнбөсө, анда кошумча күн кошулбайт. Мисалы, 1900-жылы толук жыл өткөрүлүп жиберилген. Учурда толук жылдар өткөрүүсүз 2100-жылга чейин кадимки иретте жүрөт.

Тарых жана этимология

Февраль — februarius mensis деп — байыркы римдиктерде Нум Помпилиий же Тарквиний тарабынан киргизилип, календарлык ай деп аталчу. 10 ай жана 304 күндөн турган эң байыркы (Ромул) календарь, январь жана февраль айларын өзүнө камтыган эмес. Нумдун (же Тарквинийдин) мезгилиндеги календардын реформасы күн-ай жылын орнотууну көздөгөн (күн-ай цикли болушу мүмкүн); ал үчүн жаңы январь жана февраль эки айлары киргизилген, ошону менен бирге, римдиктерде жылдын аягы болгон февраль айы өзүнө 28 күндү камтыган (жуп санга ээ болгон жалгыз байыркы ай; калган айлар так сандагы күндөргө ээ болчу, анткени, байыркы римдиктердин ишеними боюнча так сандар бакыт алып келген имиш). Биздин заманга чейин 153-жылдын эң кеч жылдын башталышы 1-январга жылдырылганы анык, жана февраль айы римдик айлардын иретинде экинчи орунга (айга) ээ болгон. Макробийдин «Сатурналияларында» жылдын башын январ айына жылдыруу, календарга январь жана февраль айларын киргизип жатканда Нуманын каалоосу болгон делет.

Айдын февраль аталышы жер астындагы падышалык этрусстук кудай Фебруустан келип, тазалануу ырым-жырымдары (februa, februare, februum) менен байланыштуу, бул ырым-жырымдар эски римдик ай календарындагы толгон Айга туура туш болуп, байыркы римдик молчулук майрамы Луперкалияга туура келген (15-февраль — dies februatus). Күн-Ай циклин орнотууда кошмо айларды киргизүү зарыл болгондо, бул экөө римдиктер тарабынан 23 жана 24-февралга киргизилген (4 жылдык жыл циклинде — экинчи жана төртүнчү жылында). Төрт жылдык жыл циклин киргизген Юлий Цезардын убагында үч 365 жана бир 366 күндөн турган жылдардын акыркысында февраль айы 29 күндү камтыган, ошону менен бирге 23-февраль марттык календге чейин жетинчи күн деп саналчу (a. d. VII Kal. Mart), 24-февраль — алдында кетүүчү алтынчы күн, 25-февраль — марттык календге чейинкинин андан кийин кетүүчү алтынчы күн (a. d. VI Kal. Mart, posteriorem жана priorem). Марттык календге чейинки бул алтынчы күндөр 29 күндүк февраль экөөнү камтыгандыктан, annus bissextus аталган, латын тилинен сөзмө-сөз — «эки жолу алтынчы», мындан биздин толук жыл, башкача айтканда, annee bissextile келет. Февраль айы, грек календарында, жана аны туураган римдик календарда жылдын акыркы айы деп саналган, ошондуктан ашыкча күн жылдын акыркы айына кошулган, мында гректер кошумча күндү айдын аягына кошсо, римдиктер айдын аягына беш күн калганга чейин кошушкан.

Февралдын тарыхый европалык аталыштары өзүнө эски англис ысымдарын камтыйт: solmonath (кир же ыпылас ай), kale-monath (капуста айы) жана Карл Улуу тарабынан берилген белгилениши — Hornung (байыркы исландиялык hjarn сөзүнө тектеш болуп, «кардын эрип тоңгон массасы» дегенди билдирген). Байыркы орус календарында (христианчылык бекигенге чейин) бул ай сечень аталган.

Ал эми февраль аталышы чиркөөлүк славяндык февруарь аталышынан келип, ал сөз болсо латындын februarius сөзүнөн келген.

Байыркы Ирландияда 1-февралда Имболк майрамы өткөрүлүп, козулардын туулушун белгилеген, салтка ылайык ушул мезгилден тарта жаз башталып, февраль айы жаздын биринчи айы деп саналган.

Башка тилдерде

Европанын көпчүлүк тилдеринде февраль аталышы латын салтына туура келет. Бирок, бир нече четтөөлөр бар.

Фин тилинде ай helmikuu аталат, башкача айтканда «бермет айы», дарактардагы кар ээрип, берметти элестеткен тамчыларды калыптандырат. Чехтердин тилинде февраль unor аталат, noriti se сөзүнөн — «чөмүлүү», сыягы дарыялардагы муз эрип, үстүнөн суу менен капталганынан болсо керек. Украин тилинде февраль — лютий, белорусс тилинде — люты, польша тилинде — luty, башкача айтканда ырайымсыз, каардуу. Хорватча — veljaca — «улуу» аталышы, балким veljak сөзүнөн келген деп жоромолдонот, 2-февралга туура келген, бул сөз Сретения майрамын түшүндүрөт. Түркчө аталышы — Subat — сириялык ишемби күн дегенден. Литва тилинде — vasaris (vasara — «жай», байыркы индиялык vasar сөзүнө тектеш, «эрте» деген мааниде).

Заманбап Кытай жана Япон тилдеринде «экинчи ай» дегенди билдирет. Байыркы япондук Ай календарында февраль айына жакын ай Кисараги аталган, сөзмө-сөз «кийимдерди алмаштыруу айы» делген. Февраль айына колдонулуучу башка япониялык аталыштар: Мумэцуки (梅見月, сөзмө-сөз «кара өрүктүн гүлдөрүн көрүүгө мүмкүн болгон ай» дегенди билдирет) жана Кономэцуки (木目月— «дарактар жаңы жашоого ээ болгон ай»).

Майрамдар

Жайгаштыруу: 2024-03-06, Көрүүлөр: 295, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-06, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу