Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күрп

Баш барак | Жаныбарлар | Күрп

Күрп (үндүк, орусча индюк, индейка) — тоок сымалдуулар түркүмүнүн кыргоолдор тукумундагы куш.

Жапайы жана бакма түрлөрү бар. Жапайы күрп АКШ жана Мексикада кездешет. Буту узун, денеси чымыр. Эти жегиликтүү, өндүрүштүк мааниге ээ. Ургаачысы 10-15 жумуртка тууйт. Корозунун салмагы 8 килограммга жетет.

Бакма күрп жапайы түрүнөн чоң жана эттүү, салмагы 7-9 килограмм (боз күрптүкү 20 килограммга жетет). Эти — диеталык азык, абдан жегиликтүү. Бордолгон күрптүн этинде 55,5% — суу, 44,5% — кургак заттар (анын ичинде 21% — белок, 30% — май) бар. 310-340 күндүгүндө жумуртка тууй баштайт.

Бир күрп жылына 90дой (мыктылары 150гө чейин) жумуртка тууйт. 30-40 жөжө чыгарат. Күрп шалбаа жана аңызда жакшы оттойт. Күрп багуучу ири чарбаларда жыл бою эт, күз, кышта жумуртка алынат. Күрп 3 жашка чейин союлат. Жумурткаларды инкубациялоо мөөнөтү — 28 күн.

Күрп дээрлик бардык өлкөлөрдө багылат. Күрптүн кеңири таралган породалары: кең төш боз күрп, түндүк кавказ күрпү, москва (ак) күрпү жана башка. Негизги жугуштуу ылаңдары: пастереллез, энтергепатит, спирохетоз, кокцидиоз, орнитоз жана башка.

Жайгаштыруу: 2023-12-16, Көрүүлөр: 159, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу