Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Төрөкул Айтматов

Баш барак | Биографиялар | Төрөкул Айтматов

Төрөкул Айтматов (1903, Шекер айылы, Кыргызстан, 1938-жыл, 5-ноябрь, Чоң-Таш) — советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин 2-катчысы, Кыргыз АССР соодасынын эл комиссары.

Төрөкул Айтматов
Төрөкул Айтматов
Төрөлгөн датасы1903-жыл
Төрөлгөн жериШекер айылы, азыркы Талас облусу, Кыргызстан, муруңку Кыргыз АССР, РСФСР, СССР
ПартияБРКП [орусча РКП(б)], ББСКП [орусча ВКП(б)]
БилимиИ. В. Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилердин коммунисттик университети (1925)
ЖубайыНагима Айтматова
Атылган датасы1938-жыл, 5-ноябрь
Атылган жериЧоң-Таш айылы
Коюлган жери«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси

Өмүр баяны

1903-жылы Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылында (№ 5) кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ошол эле жылдары Төрөкул, атасы менен Казакстандагы темир жолду курууга катышкан, орустар менен кыргыздар ортосунда котормочу болуп да жүргөнү анык. Мунун баары болгону 11-12 жашында болгон. Роза Айтматованын айтуусу боюнча орустар Төрөкулдун зээндүүлүгүн байкап, бул баланы окутуш керек деп, Төрөкулдун атасы Айтматка айткан экен. Ошондон кийин 1914 — 1915-жылдары (кээ бир маалыматтар боюнча 1928-жылдары) Олуя-Ата (Аулие-Ата) реалдуу орус-тузем мектебинде окуган. 1920—1921-жылдары Кукурьевск волосттук кеңештин аткаруу комитетинде катчы болуп эмгектенген (Түркстан АСРРи). 1921-жылы Ташкенттик партиялык мектепке тапшырып, ошол эле жылы Москвага жөнөтүлүп, мында ал 1921—1925-жылдары И. В. Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилердин коммунисттик университетинде окуган. 1925-жылы большевиктердин Россия коммунисттик партиясына (мындан ары: БРКП) [орусча РКП(б)] кирген.

1925-жылдан тарта Кыргыз автономдуу облусунун, облустук БРКП комитетинин үгүт-пропаганда бөлүмүндө иштеген: нускоочу, башчынын орун басары, бөлүм башчысы (1925-жылдын ноябрынан тарта). 1926-жылдын май айынан тарта — большевиктердин Бүткүл союздук коммунисттик партиясынын [мындан ары ББСКП, орусча ВКП(б)] кантон комитетинин жооптуу катчысы: Каракол кантону, 1927-жылдын мартынан — Жалал-Абад кантону (Кыргыз АССРи). 1929-жылы (ноябрь айына чейин) — Кыргыз АССРинин соодасынын эл комиссары.

1929-жылдын ноябрынан 1931-жылдын апрель айына чейин — Кыргыз АССРинин эл чарбасынын Борбордук Кеңешинин төрагасы, андан кийин (1933-жылдын сентябрына чейин) — жооптуу катчы, Араван-Бура райондук ББСКП комитетинин 1-катчысы. 1933-жылдын сентябрынан 1935-жылга чейин — Кыргыз ББСКП облустук комитетинин 2-катчысы. 1935-жылдан тарта Москва шаарындагы Кызыл профессура институтунда окуган.

1937-жылдын 15-сентябрында окуусунан националист деп чакыртылып анын партияга таандык же кайсы партияда экендиги жөнүндөгү маселени чечүү үчүн Москвадан кармалып, Фрунзеге жөнөтүлгөн. 1937-жылдын декабрь айындагы №198-буйрук-ордер менен камоого уруксат берилген. Ошентин, камакта 1 жылдай жатат. 1938-жылдын 4-ноябрынын түнкү саат 11:05те сот болуп 25 мүнөттүн ичинде Төрөкул Айтматовдун тагдыры чечилип, атууга өкүм чыгарылган. 1938-жылы (башка маалыматтар боюнча 1937) 5-ноябрда атылган (34 жаш). 1958-жылы реабилитацияланган. «Социал-Туран парсиясынын лидерлеринин бири» деген негизги айып менен айыпталган.

Чыңгыз Айтматов: «...атамдын жайына топурак сала албадым, мен анын элесине өзүмдүн "Жер эне" повестимди гана арнай алдым...»

Абыканова Бүбүайранын айтуусу менен 1938-жылы Чоң-Ташта атылган 19 ар улуттан турган 137 кыргызстандыктардын калтыктары 1991-жылы табылып, ошол эле жылдын 30-августунда «Ата-Бейит» мемориалдык комлпексине жерге берилген. Анын ичинде Төрөкул Айтматов дагы болгон (Репрессия жөнүндө макаласын караңыз). Чыңгыз Айтматов атасынын коюлган жерин көпкө чейин издеп, 90-жылдары гана таап, өзүн атасынын жанына коюуусун аманат кылган.

1938-жылдын 5-ноябрь күнү Төрөкул менен кошо, Жусуп Абдрахманов, Мурат Саалихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманалы Айдарбеков сыяктуу көптөгөн кыргыз чыгаандары атылган.

Үй-бүлөсү

Жубайы (1925-жылдын сентябрь айынан тарта) — Абдувалиева (Айтматова) Нагима Хамзиевна (7-декабрь 1904 — 10-август 1971) Улуту боюнча татар.

Балдары:

Түбөлүктөө

Жайгаштыруу: 2023-08-12, Көрүүлөр: 1597, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-08-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу