Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жөжө

Баш барак | Жаныбарлар | Жөжө

Жөжө — үй (тоок, күрп ж. б.) жана жапайы канаттуулардын балапаны. Канатуулар жөжөсүн ар кандай мөөнөттө басып чыгарат, мисалы: тоотуку — 20, күрп — 27 күн.

Үй канатууларынын жөжөлөрү ар кандай түркүмдөргө таандык болот, мисалы, эт багытындагы (бройлерлер), жумуртка багытындагы жана сейрек учурда жүн-кебез багытындагы.

Тоок жөжөсү
Тоок жөжөсү

Жалпы маалымат

Жөжөлөр мал түшүнүгүнө таандык болгондуктан, буларды пайда алуу (эт, жумуртка) максатында кармашат. Кыргыздардын дээрлик көбү тоок, өрдөк, каз багып, булардын жөжөлөрүн өсүтүрүшөт, өзгөчө айыл аймактарында.

Жөжөлөрдүн өсүүсү үчүн жылуу жана кургак жай талап кылынат. Мындан тышкары таза суу жана сиңимдүү азыктар керек, ошондой эле жырткыч жаныбарлардан коргоо чаралары дагы аздык кылбайт. Заманбап тиричиликте ит-мышыктар, ал гана эмес келемиштер дагы үйдөгү жөжөлөргө кол салышы мүмкүн.

Үй чарбасында жумурткадан чыккан жөжөлөрдү энеси менен кошо жылуу (түнкүсүн — 28-30°С, күндүзү — 3-4 °С) бөлмө же атайын сарайга жок дегенде бир жума, бар дегенде 1 ай коюшат. Орточо нымдуулук 60—65 %. Бир-эки жумадан кийин эгер аба ырайы жылуу болсо короого чыгарат.

Тоок, күрп жөжөлөрү 40, өрдөк, каздардыкына 20 күн болгондо бөлмө жылытылбайт.

Жөжө өстүрүүдө 1 м2 аянтка бир күндүк тоок жөжөлөрү 17-19дан, күрп менен каздыкы — 9-11ден, өрдөктүкү 13-15тен кармалат. Канчалык азыраак болсо ошончолук эркин жана жакшыраак чоңоёт. Эт багытында багылуучу жөжөлөр тышка чыгарылбайт.

Каз, өрдөк жөжөлөрүнө чакан көлмө жасалат. Жерди казып, кичирээк идиш (унаанын жараксыз дөңгөлөктөрү, пластик канистр ж. б.) салып, четтери топурак менен бекемделет. Көлмөгө 3 жумалык жөжөлөр же андан ашканда коё берилет. Суунун температурасы 14° С төмөн эмес болуусу зарыл.

Жерлер кенен болсо жайыт же табигый көлмөгө эркин коё берилип, ит-мышыктар курсагын тойгузуп кетпөөсү үчүн байкоо салынат. Эт багытындагы жөжөлөр 4-6 айдан кийин союууга жарактуу болуп калат. Жөжөлөрдүн жыныстык жактан жетилүүсү орточо 5-6 ай түзөт.

Азыктандыруу

Жөжөлөрдү ар кандай сиңимдүү тоюттар менен азыктандырса болот: сууга бышырылып, майдаланган жумутка, майда тартылган буудай, арпа, сулуу, майдаланган жашыл чөптөр, балык ж. б. Буларды алгачкы күндөрүндө ботко же жарым кургак түрүндө берип (3 айга чейинки мезгилинде), андан кийин кургак түрүндө берсе болот. Ичүү үчүн суу, кара чай, бактериялардан коргоочу ромашка чайы (өтө кызыл эмес кылып) берилет. Эгер эт же жумуртка максатында тез өстүрүүдө кошумча микроэлементтер, витаминдер берилет, ал эми антибиотиктерди ылаңдап өтө зарыл болгондо гана. Ар кандай ылаңдарды алдын алуу үчүн тоюттарды тез-тез талазап, алмыштырып туруу жакшы.

Өсүү мезгилине жараша азыктандыруу

Өсүүсүн көзөмөлдөө максатында ай сайын таразага бардыгын чогу (көптүгүнө жараша бөлүп-бөлүп) тартып турса болот.

Жөжөлөрдүн толук калыптануусуна чейинки өсүү же чоңоюуу мезгили эки фазага бөлүнөт:

Биринчи фазада алгачкы канат-жүнү чыгып, акыркысында — экинчи канат-жүндөрү чыгат. Буга ылайык тоюттандыруусу дагы өзгөрөт. Өсүп келе жаткан жөжөлөрдүн жүнүнүн ордуна денеси канаттар менен капталып, кемирчектери сөөккө айланат (1-фаза), бул мезгилде акырындык менен жумшак тоютту берүүнү азайтып, кургак тоютка өткөрүү керек же сууга бышырылган буудай, арпа менен аралаштырып, сөөк унун кошуу ашык болбойт. Андан кийин алгачкы канат-жүндөрү экинчисине алмашканда (2-фаза), катуу же кургак дан берүүгө өткөрөт.

Сорттоо

Алты айлык мезгилинде орточо (чоңдугу жана тез жетилиши боюнча) жөжө жетишээрлик скелетке ээ болуп, канаттары туруктуу абалга келет, мындайларды жетиштүү калыптанган жөжө дейт. Күз келгенде сорттоо жүргүзүлөт. Чоңдугу, ден-соолугу, өнүгүүсү жакшыларын тукум улоого жана жумуртка багытына калтырып, калгандары этке кетет.

Көбөйтүү жолдору

Жөжөлөр табигый (мисалы, мекиан жумуртка басканда) жана жасалма (атайын инкубаторлордо) жол каркылуу көбөйтүлөт.

Табигый жол менен мекианды жумуртка бастырууда, жумурткалар атайын жарык лампа аркылуу байкалып, уруктандырылгандары гана тандалат. Бир мекианга ар кандай көлөмдөгү жумуртка бастырууга болот, так саны тооктун породасына жараша, эң негизги тооктун денеси бардык жумурткаларды жабышы керек. Эгер тоок жумурткаларын басууга жатпаса, кол менен жаткырып, туруп кетпеш үчүн үстүнө көзөнөктөрү бар идиш менен жаап коёт (4-6 күн). Жемин жана суусун убагында берип (1-2 маал), бир күндө бир маал ары-бери басып келүүсүнө коё берилет. Эгер уясынан турбаса, жайына коюлат. Жумурткаларын турбай баса баштаганда жаап койгон идишти алып салуу керек. Башында айтылгандай эле, тоок жумурткасын болжолдуу 20-21 күн басат. Жөжөлөр ар кандай убакта чыгат, кээде эрте, кээде кеч. Мындан тышкары уясына кез-кез көз салып, кыктардан тазалап туруу керек.

Жасалма же инкубациялык жол менен көбөйтүүдө процесстин көбүнчөсү адамдын катышуусу жок жүрөт. Болгону инкубациялык аппараттын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болуусу жана атайын нымдуулукту сактоо максатында сууларын толтуруп туруу зарыл. Эреже катары ар бир инкубациялык аппараттын колдонуу боюнча атайын китепчеси болот.

Ылаңдар

Жөжөлөргө көптөгөн ылаңдар коркунуч жаратат, мисалы, биттөө, мителерге кабылуу (кокцидиоз), бронхит, тоок тумоосу жана башка инфекциялар. Алдын алуу максатында жөжө кананы таза абалда сактап, дубалдарын этияттап акиташ менен (жерге түшкөнүн жеп алышы мүмкүн) актап коюуу жакшы. Бөлмөнүн абасын тез-тез желдетүү. Ылаңдаган жөжөнү өзүнчө бөлүп, эпизоотиялык абал курчуп кетпөөсү үчүн ветеринардын кеңешин алуу шарт.

Экономикалык мааниси

Тоок, анын ичинде жөжө багуу чоң экономикалык мааниге ээ, анткени, булар айыл чарбанын маанилүү тармагына кирет. Эти жана жумурткасы дүйнө боюнча адамдардын негизги рациондорунун бири.

Заманбап генетикада өндүрүмдүк мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу максатында генетикалык ыкмалар менен тез салмак алуучу жана көп жумуртка тууй турган породалар түзүлүп келет.

Түрдүү органикалык калдыктарды, ошондой эле зыянкечтерди азайтууда дагы колдонулушу мүмкүн. Кыгы баалуу жер семирткич катары пайдаланылат. Ошол эле убакта, кыгы өтө көп болуп кетсе, айлана-чөйрөгө зыян алып келиши мүмкүн. Бойго жеткен жөжөлөрдүн (тоок, өрдөк, каздардын) тыбынан жаздык сымал түрдүү жумшак буюмдар жасалат.

Жайгаштыруу: 2024-04-20, Көрүүлөр: 65, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу