Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мал

Баш барак | Жаныбарлар | Мал

Мал же айыл-чарба жаныбарлары — азык-түлүк (эт, сүт, жумуртка), май, өндүрүш чийки затын (жүн, тыбыт, мамык), кыл түк, тери, сөөк, куш жүнүн, жер семирткич катары кыгын алуу үчүн адам тарабынан багылуучу жаныбарлар.

Мындан тышкары мал транспорттук жана жумушчу функцияларды (сүйрөө, жүктөө, артуу) аткарат, мындай жаныбарлар жапайы табияттын өкүлдөрүнөн керектүү сапаттары жана мүнөздөмөлөрү барлары тандалып отуруп селекциянын жардамы менен чыгарылган, башкача айтканда байыртан эле кармалып колго үйрөтүлгөн.

Мал түшүнүгү негизинен үй жаныбарынын (сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, балыктар, курт-кумурскалар) ар кандай түрлөрүн жана породасын камтып, булар атайын малга арналган жана адам жашабаган сарайларда тиричилик ишмердүүлүгүнүн өндүрүмдөрүн алуу максатында кармалат.

Малдар кармалуучу жайлар ар кандай аталат: мал короо, сарай, кашаа, желе, аткана, чочкокана, уйкана же уй сарай, коён кепе, ферма, тооккана же тоок кепе, аары челек жана башка. Малдар жайытка жайылат.

Аныктама

Түрдүү сөздүктөр жана мыйзам чыгаруучу актылар айыл-чарба жаныбарларына же малга төмөнкүлөрдү таандык кылышат:

Мал деп кыргыздар төртүлүк малды дагы айтайт — төрт аяктуу айыл-чарба жаныбарлары: уй, үй кою, жылкы, эчки, төө, эшек ж. б.

Айыл-чарба жаныбарлары өзүнүн жапайы биртугандары менен катар жалпы биологиялык классификацияга кирет, ошол эле убакта булар породаларга бөлүнөт.

Айыл-чарба жаныбарлары

Илимий изилдөөлөр жана жетишкендиктер

Жайгаштыруу: 2024-02-06, Көрүүлөр: 163, Өзгөртүлгөн: 2024-02-06, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу