Жүктөлүүдө...
Макал лакаптар жыйнагы (Х)
Х тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.
Мазмуну
Достор Х тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Х тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.
Х
- Хан болбосо эл уюбайт.
- Хан кайда барса нөкөрү калбайт.
- Хан кебине кайруу жок.
- Хан койнунда калтыраганча кул койнунда кутуруп жат.
- Хан сарайы — кылычтын мизи, камчынын күчү.
- Хан тартуусу — тогуз.
- Ханды кудай ураарда катыны менен кабышат, эли менен чабышат.
- Хандын каарынан сактан, каракчынын доосунан сактан.
- Хандын кызы кашык кармаса колу жооруйт.
- Ханы кайрымдуу болсо, калк башына бак конот.
Жайгаштыруу: 2023-07-17, Көрүүлөр: 403, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-17,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо